Турганбаева: майып балдарга берилүүчү жөлөк пул көбөйөт

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева мамлекеттик жөлөк пулдар «сүйүнчү», «үй-бүлөгө көмөк» жана «ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жөлөк пул» болуп үч топко бөлүнөөрүн айтты

Анын айтымында, 18 жашка чейинки майып балдарга жана тубаса майыптык менен төрөлгөн адамдардын жөлөк пулдары көбөйөт.

«Жалпы республика боюнча 351 миң 150 адам жөлөк пул алат. Анын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр категориясында 85 миң 377 үй-бүлөгө, ал эми майыптыгына байланыштуу 86 миң 740 адамга мамлекет тарабынан ай сайын берилчү жөлөк пул чектелген. Ушул жылдын 1-июлунан тарта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки жана тубаса майыптык менен төрөлгөн адамдардын мамлекет тарабынан ай сайын берилүүчү жөлөк пулдары көбөйөт. Башкача айтканда, мурда 3000 сом чектелген I топтогу майып 4000 сом алып калат «, — деди Турганбаева.

Ал ошондой эле социалдык кызматкерлер тарабынан коррупциялык аракеттерге туш болгон учурда 0(312) 66-01-07 телефонуна чалып, кабарлоо керектигин кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

19.05.2018

https://sputnik.kg/Radio/20180519/1039248285/maiyp-baldarga-jolok-pul-koboiot.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*