Нарында жана Кочкор айылында юридикалык жардам көрсөтүү боюнча акысыз борборлор ачылат. Юстиция министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аларда жарандар юристтин, мамлекеттик нотариустун жана жактоочунун кызматтары менен пайдалана алат.
Учурга карата мындай 20 борбор Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Кол облустарында иштеп жатат. Кошумчалап кетсек, аталган мекемелерге колдоо алуу үчүн кайрылган жарандардын саны жыл санап өсүүдө.
17.04.2018
Leave a Reply