Прокуратура: Чүйдүн интернатындагы балдар чет элдиктерге мыйзамсыз берилген

Тергөөнүн версиясы боюнча балдарды багып алуу үчүн кезекте кыргызстандык үй-бүлө турган. Бирок алар мыйзамсыз түрдө чет элдиктерге берилип кеткен.

Башкы прокуратура Чүй облустук интернат мектебинин тарбиялануучулары чет элдик жарандарга мыйзамсыз негизде берилип кеткени боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу көзөмөл органынан маалымдашты.

Прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте билим берүү мекемесин текшерүүгө алган. Анын негизинде үстүбүздөгү жылдын 6-январында 9 жана 11 жаштагы балдар уруксат берүүчү документтери жок эле чет элдик жарандарга берилип кеткени аныкталган.

“Денесине жана психикалык жактан залака келтирилиши мүмкүндүгүнө карабастан балдар тарбиячылардын көзөмөлүсүз Бишкектеги мейманканалардын биринде бейтааныш чет элдик жарандар менен чогуу жашаган”, — деп айтылат маалыматта.

Көзөмөл органынан билдиришкендей, балдарды багып алууга кыргызстандык үй-бүлө кезекте турган. Бирок балдар башкаларга берилип кеткенде алар Жогорку Кеңештин депутатына кайрылышкан. Кийин маалымат ЖМКларга тарап кеткен.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

04.04.2018

sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*