Аутизм булганыч абаны дем алуудан пайда болобу?

Коомчулукта көп айтыла бербеген оорунун бири – аутизм. Аутизм – кичинекей балдардын мээсинин иштөөсүнүн бузулушунун кесепетинен айланадагы адамдар менен мамиле куруудагы кыйынчылыктарды жараткан психикалык оору.

Азыркы убакытта аутизмдин так себептери аныктала элек. Көпчүлүк окумуштуулардын маалыматтары боюнча, бул дарт менен ооруган балдардын борбордук нерв системасында бузулуу пайда болот. Ошондой эле, тукум куучулук факторунун таасири мол экенин изилдеген окумуштуулар моюндашууда. Ошону менен бирге, мээнин органикалык жактан жабыр тартышы да аталган дарт менен ооруган балдарда көп кездешет.

Бирок, акыркы изилдөөлөрдө окумуштуулар курчаган айлананын булганышынан улам төрөлө элек балада болгон аутизмдин алгачкы белгилери байкаларын аныкташты. Гарвард университетинин окумуштуулары аба кир болгон жерде аутизм менен ооруган балдардын саны эки эсе көп экенин белгилеген. Чындыгында өндүрүш ишканалары жайгашкан шаарларда пайда болгон смог кабаты адамдын ден соолугуна өтө зыян болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту сактоо уюмунун эсеби боюнча, атмосферанын булганышынан улам жылына 3,7 миллион адам көз жумат.

Гарвардын окумуштуулары тажрыйба учурунда 1767 баланы текшеришкен. Анын 245и аутизм дартына чалдыкканы билинген. Оорулуу төрөлгөн балдардын жашаган жерин аныктаган кезде, андагы абаны текшерүүдөн өткөрүшкөн. Натыйжасында аутизмдин булганыч абага түздөн-түз катышы бар экени аныкталган.

Бирок, изилдөө жумуштары аутизмдин негизги себеби таза эмес аба ырайы деп айтууга болбойт. Андан бөлөк бир канча факторлор болушу да мүмкүн. Тукум куучулук, хромосомалардагы өзгөрүштөр, зат алмашуудагы өзгөрүүлөр, эне кош бойлуу жана төрөт маалында алган жаракаттар, нейроинфекциялар жана башка дагы жагымсыз нерселер таасир бериши мүмкүн.

ФАРИДА ЖУМАКАДЫРОВА

27-Март 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*