Майыптыгы бар жарандардын укуктары тууралуу жаңы мыйзамда факсимильдик кол коюу кабыл алынган. Мындан ары көзү азиз жана колу жок жарандар факсимильдик колду мыйзам чегинде финансылык, банк, нотариалдык жана башка документтерге колдонууга укуктуу. Ошондой эле факсимиль колун башка бирөө алдап колдонгон учурларда документти жокко чыгаруу же жоголуп кетсе кайрадан жасатуу нормалары мыйзамда белгиленген.
“Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү” Мыйзамдын демилгечиси ЖК депутаты Дастан Бекешев. Мыйзамды иштеп чыгууга БУУӨПтүн “КРде сот адилетттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоору колдоо көрсөткөн.
Декабрь, 2017
Leave a Reply