Майып келини, неберелери менен көчөдө жашап жаткан ысык-көлдүк энеге 90 миң сом жардам көрсөтүлдү (фото, видео)

 

Майып келини, неберелери менен 10 күндөн ашык убакыттан бери көчөдө жашап жаткан ысык-көлдүк Кундуз Өмүралиевага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Бул үй-бүлөгө Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү 70 миң сом, ал эми Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев акимдин өздүк фондунан 20 миң сом жардам көрсөттү.

Буга чейин К.Өмүралиева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ушул жылдын 13-сентябрында анын үйүнөн өрт чыгып, үйү жараксыз болуп калган. Ошондон бери ал өз короосунда, ачык асман алдында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген келини жана уулу, неберелери менен жашап келишкен.

Turmush 

26.09.2017

http://www.turmush.kg/news:332119

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*