Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган саан уйлар

Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу колдоолор болуп жатат.  Бийликтин көңүл бөлүүсү майыптар менен иш алып барган долбоорлордун ишке ашуусу деле бир топ түмөн түйшүктөн арылтып келет.  Мисалы,  Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга аталып,  саан уйлар алынып берилди. Тактап айтканда майып балдарды коомго кошуу максатында мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн негизинде алар жашаган 3 үй-бүлөгө саан уй алып берилген.  Мындагы үй-бүлөлөр менен кабарчыбыз жакындан таанышып келди.

Барпы айылынын тургуну Аксанамкан Ирисованын  үчүнчү баласы да шал оорусу менен 8 жылдан бери ооруп келет. Жумабай  4 айлыгына чейин жакшы чоңоюп келе жатып, кокустан ооруп калган

-Уулум бир сонун болуп эле чоңоюп келе жаткан.  4 айлык болгондо кокус ооруп, температурасы түшпөй ооруканада жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды, 8 күн жаттык. Андан Ошко алып барганыбызда менингитке күмөндөлүп,  жүлүнүнөн суу алышты. Ошондон кийин мойну деле жакшы токтобой , ушинтип калды. Ар тарапка көрсөтүп жүрүп,  жакшы жылыш болду.  Жакындан бери учурашканды билип жатат. Жетелесек,  кадам шилтейт, белинен өйдө көтөрүлө албай жатат да. Негедир музыканы жакшы көрөт, көп угат. Ошол үчүн да уулумду музыка менен алаксытабыз.   Ал эми бизге берилген саан уй боюнча айтсам, малдын пайдасы жакшы тийип жатат. Уулум  айранды өтө жакшы көрөт. Сүттөн жасалган тамактарды жакшы көрүп жейт. Анча-мынча баламдын памперсине, кем карчысына да акча чыгып турат. Дары-дармегине да акча болуп калат – дейт ал.

Ошол эле айылда мындан сырткары эки түтүнгө да саан уйлар алынып берилген.  Тубаса шал оорусу менен ооруган 8 жаштагы Нурислам үчүн да ата-энеси саан уйлуу болушкан. Нурисламдын атасы Алмаз Кошокбаев төмөндөгүдүөй пикирин билдирди:

-Балам такыр басчу эмес, сүйлөчү да эмес, апасынын жардамы менен санаганды, ырдаганды жана өз алдынча басууну үйрөнгөн. Бизди сүйүндүрүп,  басып  да калды. Акылы тетик , баарына баамы жетет.  Баламдын уйу 4 музоого көбөйдү. Өзүнө гана жумшайбыз деп олтурабыз-деген пикирин кошумчалады.

Айтор бул үй-бүлөлөр  мамлекеттик жеке өнөктөштүк  программасынын негизинде ишке ашып жаткан, мүмкүнчүлүгү  чектелген балдарды коомго кошуу программасынын алкагында ICCO эл аралык уюмунун жардамы менен уй алышкан.  Аталган  эл аралык уюмунун экономикалык-социалдык адиси Мамасалы Ташматовдун айтымында,  мындай программа Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарын камтыйт. Программанын алкагында үй-бүлөлөр 3 тараптуу келишимдин негизинде 3 жылдын лизинг менен берилет. Башкача айтканда сатылып алынган саан уйдун  акчасы 3 жылдын ичинде кайтарылат. Бул аралыкка бөлө келгенде  айына 1000 сомдун айланасында акча кайтарылып турат.

-Биз долбоор алкагында 50 түтүнгө саан уйларды бергенбиз. Энчи катары берилген уй алар үчүн көбөйүп, күнүмдүк жашоо турмушуна аз да болсо жардамы тийсин деген максат. Алгач өз шарттарыбызды айтабыз, ага макул болгондорго сөзсүз колдоо болуп жатат. Саан уй алууга  50 миң сомго чейин акча берилет. Ал каражатка  үй-бүлө ээси мал базардан өзүнүн каалаган малын тандап  сатып алат.   Алынган мал жоголсо,  төлөп берүү милдети да бар. Кубанычтуусу  – жогорудагы үй-бүлөлөрдүн баары балдарына аталып алынган уйларды көбөйтө алышты. Бир түтүн 4 музоого, калган экөө 2ден музоого көбөйтө алышты. Уюмга берүүчү каражаттан деле кутулуп бүтүп калышты, өздөрү үчүн эле жакшы болушту. Мындай кожолуктар жыйнаган акчаны эми башка балдардын эне аталарына беребиз – дейт Мамасалы Ташматов.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн саан уй алып берүү кадамы областта дагы да жандана берет. Албетте,  мындай колдоолордун болгону жакшы.

Жумагүл ШАЙЫКОВА.

21 – Декабря  2017

http://akyikat.kg/?view=news&id_news=837

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*