Майыптыгы барлардын укуктары дайым опурталдуулук зонасында

Жайкы укук мектеби , 2017-жылдын 14-18-августу, Булан-Сөгөттү айылы

“Укуктардын теңдиги ал укуктарды баары колдонгонунда эмес, ал укуктардын баарына берилгенинде” – Луций Сенека

Сейнеп Дыйканбаева, АРДИнин юристи
Сейнеп Дыйканбаева, АРДИнин юристи

“Бала кезимде үй-бүлөдө өзүмдүн майыптыгымды сезчү эмесмин. Үйдөн сыртка чыгаарым менен зоопарктагыдай көрүнчүмүн, мага акыйып карап, колу менен көрсөтүп, ал турсун сен окуганды, жазганды билесиңби деп сурашчу. Азыр коомдо мамиле өзгөрүп калды, андай кемсинтүүлөрдү сезбейм. Ошентсе да айырма бар. Батыш өлкөлөрүндө адамдар кишинин майыптыгына көңүл бурушпайт жана аларга карата башка бардык адамдарга жасагандай эле мамиле жасашат. Бизде болсо майыпка бардык тоскоолдуктарды жеңип чыккан баатырдай же жардамга муктаж болгон шордуудай карашат”, – дейт Сейнеп Дыйканбаева “Жайкы укук мектебиндеги” майыптыгы бар адамдардын укуктарынын тарыхы менен азыркы абалын талкуулоо учурунда.

Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча тренер Максат Мамыркановдун айтуусу боюнча, адам укугу, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын укугу үчүн күрөш өз өнүгүү жолунда аларды жок кылуу учуру, сегрегация процесси сыяктуу түрдүү этаптарын басып өттү. Майыптыгы бар адамдардын укугу үчүн күрөш алардын Америкада 60-жылдары биригүүсүнөн башталган.

Майыптыгы бар адамдардын сегрегация процессин Кыргызстан да өз башынан өткөрүп, анын кесепети азыр да уланууда. “Советтик доордо биз чынында эле майыптарды көргөн эмеспиз. Алар өзүнчө бөлүнүп жашап, атайын мекемелерде окушчу жана дарыланышчу. Бир нече жыл илгери, инклюзивдик билим берүү боюнча долбоор башталганда мен абдан корктум, себеби, биздин алар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу жана алар менен кантип иштеп, кантип сүйлөшүүнү билген эмеспиз”, – дейт аялдар менен балдардын укуктары боюнча тренер Кызжибек Жумагазиева.

Жайкы укук мектеби, 2017-жылдын 14-18-августу, Булан-Сөгөттү айылы
Жайкы укук мектеби, 2017-жылдын 14-18-августу, Булан-Сөгөттү айылы

Калктын аяр катмарларынын, атап айтканда, майыптыгы бар адамдардын, балдардын, аялдардын, жаштардын укуктарын коргоо 2017-жылдын 14-18-августунда Булан-Сөгөттү айылында, БУУнун Өнүгүү программасы менен Финляндия ТИМинин “КРде сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун колдоосу менен өткөн “Жайкы укук мектеби” тренингинин негизги темасы болуп калды. Катышуучулар катары калктын аяр катмарларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган.

Маргарита Трифонова, сурдокотормочу
Маргарита Трифонова, сурдокотормочу

Тренинг учурунда укуктарды коргоонун улуттук (кыргызстандык) механизмдери, мыйзамдар, конвенциялар, калктын аяр топторунун укуктарын коргоо институттары, жарандардын ар түрдүү турмуштук кырдаалдардагы конфликттүүлүгүн төмөндөтүү механизмдери жана башка актуалдуу укуктук көйгөйлөр талкууга алынды.

Бул тренингдин өзгөчөлүгү анын маалыматтары менен материалдарын угуусу боюнча майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү форматта берилиши болду. Тренинг баштан аяк сурдокотормо менен коштолду.

“Мен көптөгөн тренингдерге катышкам, бирок инклюзивдик мамилелүү мындай тренингдерге биринчи жолу катышып жатам. Бул жерде майыптыгы бар, айрыкча угуусу, көрүүсү боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, алар бардыгы менен катар окуп, сүйлөшүп жана эс алышты. Алар менен сүйлөшүүдө биз эч кандай чектелүүнү сезбедик, ал турсун жаңсап сүйлөшүү тилин да түшүнө баштадык”, – дейт «Smile.kg» коомдук фондунун директору Лариса Кузнецова.

“Бул инклюзивдик тренинг баарыбыз үчүн үлгү жана чакырык болуп калды. Көрсө, шарт түзүүгө болот экен, баары өзүбүздөн көз каранды экен, өзүбүз жасап, анан башкалардан талап кылышыбыз керек экен”, – дейт “Алга” коомдук уюмунун өкүлү Татьяна Темирова.

Алмаз Топчуев, Ош дүлөйлөр уюмунун төрагасы
Алмаз Топчуев, Ош дүлөйлөр уюмунун төрагасы

“Коомдо дайыма биз интеграцияны жактайбыз деп айтышат, бирок биз дайыма окуулар менен иш-чараларды өзүбүзчө өткөрөбүз. Мен дени сак адамдар менен бир катарда укук мектебине биринчи жолу катышып жатам. Бул тренингде бизде ар түрдүү адамдардын, тажрыйбалуу укук коргоочулардын пикирин угууга жакшы мүмкүнчүлүк болду, эң башкысы, алган билимибизди турмушта колдоно алабыз. Инклюзияны ишке киргизүүнүн бул практикасын улантуу керек, мындан башка багыттагы тренингдерде да улантуу керек”, – дейт Ош дүлөйлөр уюмунун төрагасы Алмаз Топчуев.

 

Медициналык, кайрымдуулук же социалдык

Мамилелердин бул моделдеринин кайсынысы биздин өлкөдө майыптыгы бар адамдарга карата колдонулат? Бул суроо катышуучулар арасында абдан көп талаштарды жаратты.

“Бирдей мүмкүнчүлүк” социалдык борборунун директору Елена Бочарникованын айтуусу боюнча биздин өлкөдө бул моделдердин бири да талаптагыдай деңгээлде өнүккөн эмес. Көп адамдар бизде медициналык модель иштейт, бирок бизде заманбап медицина системасы жок, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоонун, протездөөнүн жана башкалардын заманбап ыкмалары өнүккөн эмес дешет. Эгер социалдык модель тууралуу айта турган болсок, анда бизде майыптыгы барлардын ага жетүү элементтери, социалдык коштоосу, эмгекке орноштуруусу жок. Ал эми акчалай жөлөк пул болсо өтө чектелген. Кайрымдуулук модели болсо ар бир ишкердин кирешесинин белгилүү бир пайызын бөлүп берүү эрежесине негизделген. Биздин ишкерлерде болсо бул эрежелер жаңы гана калыптана баштады.

Алдын алуу же кесепеттер менен күрөшүү

Адам укугун коргоонун аспаптарын талкуулоодо катышуучулар кесепеттер менен күрөшүүгө караганда профилактикалык иштерди жүргүзгөн жакшы деген пикирге токтолушту.

Татьяна Темирова, "Алга" коомдук уюму
Татьяна Темирова, “Алга” коомдук уюму

“Алга” коомдук уюмунун өкүлү Татьяна Темирова: “Мамлекет үчүн үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепеттери менен күрөшүү эбегейсиз көп акчага турууда. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер мындан алда канча арзан болмок”.

Олмасхон Жумашева, “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду
Олмасхон Жумашева, “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду

 

 

 

 

 

“Өз укуктарын коргоо боюнча балдардан мусаапыр эч ким жок”, – дейт Ош шаарындагы “Ар балага үй-бүлө” коомдук фондунун төрайымы Олмасхон Жумашева. – “Ички жана тышкы ургаалдуу миграцияга байланыштуу ата-энелер өз балдарын чоң ата-чоң энелерине, тааныштарына калтырууда. Натыйжада балдар мектепке барбай же сабактарын көп калтырып, кароосуз жана тарбиясыз калууда. Ата-энеси тирүү туруп, балдарды интернат мектептерге өткөргөн учурлар көбөйүүдө. Бул биздин коомдун келечекте сөзсүз кесепети боло турган өтө чоң көйгөйү”.

“АРДИ” юристи Сейнеп Дыйканбаева: “Эгер мамлекет майыптыгы бар адамдар үчүн шарт түзбөсө, анда 20-30 жылдан кийин алар дагы көбөйүп, мамлекет үчүн абалдан чыгуу мындан да оор болот. Ошондуктан мамлекет үчүн азыр чымырканып, майыптыгы барлар үчүн шарт түзүү пайдалуу болуп саналат”.

Адам укугу адамдардын аң-сезиминде коопсуздук жана стабилдүүлүк менен окшоштурулат. Бүгүнкү күндө укуктарды коргоо актуалдуу бойдон калууда, анткени калктын аяр катмарлары өздөрүн такай опурталдуулук зонасындагыдай сезишет жана мыйзамда камсыз кылынган болсо да укуктары менен эркиндиктерин коргоп калуу мүмкүнчүлүгүнө ишенишпейт.

Жайкы укук мектеби, 2017-жылдын 14-18-августу, Булан-Сөгөттү айылы
Жайкы укук мектеби, 2017-жылдын 14-18-августу, Булан-Сөгөттү айылы

Мэри Бекешова, БУУнун Өнүгүү программасынын жана Финляндия ТИМинин “КРде сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун адиси 

15.12.2017

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*