Үй-бүлөлүк зомбулук маселеси парламентте көтөрүлдү

Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева айтып, өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Депутат белгилегендей, 2011-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Кыргызстанда 794 факт катталса, 2015-жылы 1736 факт тиешелүү мекемелердин каттоосуна алынган.

Алтыбаева зомбулуктун бул түрү көпчүлүк учурда жабык болгондуктан үй-бүлөнү бекемдөө иштерин күчөтүү керек экенин белгиледи. Депутат 24-сентябрь Үй-бүлө күнү деп жарыяланганы менен өкмөт эч кандай иш-чараларды уюштурбаганын айтты жана бул багытта 10 жылдык программа иштеп чыгууну сунуш кылды.

Депутаттын айткандарына жыйынга катышып жаткан өкмөт өкүлү жооп берген жок.

Кыз-келиндердин укуктарын коргоого арналган өнөктүк 25-ноябрда башталып, 10-декабрга чейин уланды. Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн бардык аймактарында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту, кыз алуу качууну токтотууга арналган талкуулар, флешмобдор, семинарлар өткөрүлдү.

Кыргызстанда алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапты. Алардын өлүмүнө жакын адамдары – күйөөсү, баласы же туугандары себеп болгон. Бул тууралуу “Сезим” кризистик борборунун маалыматында айтылат.

14-декабрь, 2017

https://www.azattyk.org/a/28917371.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*