«Ичпечи ата», «Апама кол көтөрбөңүз»: Зомбулук балдардын көзү менен

 

Өлкөдө үй-бүлө институтунун ролун жогорулатуу, жоопкерчиликти күчөтүү көйгөйү бар экенин активисттер айтып келишет. Бул көйгөй тууралуу бүгүн, 12-декабрда АКИпресс-Ошто «Зомбулук балдардын көзү менен» темасында өткөн маалымат жыйында айтылды.

Ош шаарында зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында окуучулар арасында «Зомбулук балдардын көзү» менен сүрөт сынагы жарыяланган. Ушул айда анын да жыйынтыгы чыгарылды. Ага катышкан балдар ата-эненин зомбулугуна кабылганын көрсөткөн сүрөттөрдү тартышканын уюштуруучулардын бири Эркингүл Осекова билдирди.

«Биз сүрөт сынагын өткөрүп жатып балдарга негизинен зомбулук үй-бүлөдө боло турганын билдик. Анткени балдардын тарткан сүрөттөрүнүн басымдуу бөлүгүндө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук чагылдырылган.

Үй-бүлөдөгү баалуулуктар, үй-бүлө институту жоголуп бара жатат. Жаш ата-энелердин көпчүлүгү иштегени кетип, балдары туугандарынын үйүндө жашап, ар кандай кырдаалдарга тушугуп калууда», – деди Э.Осекова.

Мектептерде атайын окуучулар үчүн ишеним кутучалар уюштурулганын В.Ломоносов орто мектебинин директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары Айжаркын Кадырова кошумчалады.

«Мектептеги ишеним кутучасына бир жумада 15ге жакын кат түшөт. Быйыл атайын психолог дагы алганбыз. Жакында эле бир окуучубуз өгөй атасы арак ичип алып, тынчтык бербей ызы-чуу салганы тууралуу кат калтырган. Биз ал окуучунун ата-энеси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошону менен катар окуучуларга сабактан тышкары түрдүү ийримдерди уюштурганбыз.

9-класстан кийин окуучулардын көбү мектепке барбай, окуу жайларга, колледждерге кетишчү. Биз түшүндүрүү иштерин өткөргөндөн кийин балдардын 80%ы 10-класста окуусун улантып жатышат», – деди А. Кадырова.

Сүрөт сынагында 1-орунду ээлеген Айдар Калмаматов сүрөтүндө атанын баласына кылган мамилесин чагылдырып берген. Анын айтымында, үй-бүлөдө тынчтык болсо бала жакшы өсүп, ийгиликтерге жетет.

Сүрөт сынагы «Аялдарды колдоо» коомдук бирикмеси жана «Демилгелүү ишкер айымдар» коомдук фонду тарабынан зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында уюштурулду.

Turmush 

12.12.2017

http://www.turmush.kg/news:336703

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*