Нарында «Аялдарга карата зордук-зомбулукка жол жок» акциясы уюштурулду (фото, видео)

 

Нарын шаарындагы борбордук аянтта «Аялдарга карата зордук-зомбулукка жол жок» аттуу 15 күндүк иш-чаранын алкагында акция өттү. Бул тууралуу Нарын мамлекеттик университетинин кафедра башчысы Айнура Айдаралиева билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын уюштуруучулары студенттерге зордук-зомбулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, үгүт баракчаларын таркатышты. Акция университеттин филология факультетинин студенттери тарабынан даярдалган флешмоб менен жыйынтыкталды.

Turmush 

11.12.2017

 https://www.turmush.kg/news:336611

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*