Укук маданияты жаңы муундун көзү менен (видео)

 

Ош облусунун Кулатов Айыл өкмөтүнүн мектептери арасында өткөн “Укук маданияты көчө театры аркылуу” сынакта жаш актёрлор коомдогу терс көрүнуштөрдү сахналаштырып абдан жеткиликтүү көрсөтүштү.

Алар укуктук көйгөйлөр менен катар улуулардын башкалардын кадыр-баркын басмырлаган, аялдарды кемсинткен, жоопкерсиз өтө төмөн адеп-ахлагын абдан ачык жана чечкиндүү көрсөтө алышкан.

Бардык оюндар адилеттүүлүккө, бири бирин сыйлоого, кул мүнөздөн кутулууга чакырыктар менен коштолгон. Жаш муундун азыркы коомдун кемчиликтерин чечкиндүү сындап, жакшы менен жаманды ачык айырмалап, адилетсиздикке кыңк этпей баш ийе бербей, мыйзамдуу укуктарды ишке ашыруу үчүн күрөшкө чакырып жатканы абдан кубанаарлык.

21.11.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*