«Мен майып эмесмин» тасмасы: Баспай калганда аялы таштап кетип, 3 баласын жалгыз баккан Р.Үсөнкожоевдин ийгилиги (видео,фото)

 

Нарын шаарында «Биздин тилек» кайрымдуулук фонду тарабынан тартылган «Мен майып эмесмин» кыска метраждуу тасманын бет ачары болуп өттү.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, кыска метраждуу тасманын бет ачарына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышты. Ал эми, аталган тасманын башкы каарманы Р.Үсөнкожоев 13-ноябрь күнү Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 120-чакырымындагы жол-транспорт кырсыгына кабылгандыгына байланыштуу келе алган эмес.

Жети мүнөттүк тасмада Рахатбек Үсөнкожоевдин жашоо турмушу, жетишкен ийгиликтери көрсөтүлдү.

Рахат Үсөнкожоев — «Даңк» медалынын ээси…

Капысынан кырсыкка кабылып, эки бутунан катуу жабыркаган ат-башылык кол өнөрчү Рахатбек Үсөнкожоев басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Кырсыктан кийин жубайы 3 баласы менен таштап кеткенине карабай эрктүүлүк менен көпчүлүккө үлгү болуп, «Даңк» медалына татыган каарманыбыз үйлөнүп, өкүл аталуу болгонун Turmush басылмасынын кабарчысына билдирген. Аларга өкүл ата болуу милдетин Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков алган.
34 жаштагы Р.Үсөнкожоев Чүйдөгү Кант шаарынын кызы Наргиза Жумагулова менен 2017-жылы 25-июнь күнү баш кошту. Алар андан жарым жыл мурун таанышкан.

«Колуктум Наргиза менен сүйлөшкөнүбүзгө 6-7 айдын жүзү болду. Ал мени менен турмуш куруп, мени көтөрүп кетүүгө бел байлап, мындан аркы жашообузду бирге өткөрөлү деп макулдугун берди. Ал 1983-жылы Чүй облусунун Кант шаарында туулган. Күтүлбөгөн жерден Орозо айт күнү баш кошуп калдык. Биздин өкүл атабыз болуп депутат Алмаз Баатырбеков шайланды. Бизди колдогон кыргыз элине, ошондой эле мамлекеттик сыйлык берген өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевге да терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз», – деди Р.Үсөнкожоев.

Рахатбектин уулу 4-класстын окуучусу болсо, кызы 3-класста билим алууда. Ал эми, кенже кызы 1-класста окуп жатат.


Оор турмуштук кырдаалда адамдык бийик сапат, талыкпаган эмгек аркылуу көпчүлүккө үлгү көрсөткөнү үчүн Р.Үсөнкожоевге президент Алмазбек Атамбаев «Даңк» медалын таккан. Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи 2017-жылы 6-мартта «Ала-Арча» резиденциясында өттү.


Р.Үсөнкожоев 1983-жылы Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Большевик айылында туулган. Учурда 1-топтогу майып катары каттоодо турат.

«Мал багып жүрүп жыгылдым. Басып кетмек тургай отура албай калдым. Менин төшөктө жатып калганым апама абдан оор тийди. Эки жылдан кийин келинчегим таштап кетти. Балдарымды алып калдым. Алардын келечеги үчүн чыйралышым керек эле. Апамдын көз жашын токтотуу үчүн мен да өзүмдү колго алдым. Алгач камчы жана жаа жасап баштадым. Андан түшкөн пайда тамак-ашка гана жетчү. Алардын эң кымбат сатылганы 600 сом болсо, айрымдар 200 сомго алып кетчү.

Бир жолу апам көчөгө көтөрүп чыксын деп териден сапаттуу сумка жасап көрдүм. Байкасам колумдан келет экен. Ага чейин мал багып жүрүп, кошумча иш жасап көргөн эмесмин. Андан кийин камчы менен жааны биротоло токтотуп, сумка жасоого өттүм. Жатып алып тиккен сумкалар абдан көп болуп кетти. Аны эч ким сатып алган жок, көңүл да бурушпады. Көп сумка тиккенден кийин кантип сатам деп ойлондум. Бир күнү Ат-Башы районунда фестиваль болуп, ага сумкаларымды көргөзмөгө койдум. Элдин кызыгуусу ошондо башталды», – деди Р.Үсөнкожоев.

Учурда ага сумка, капчык жана ар кандай буюмдарды жасап берүү суранычы менен кайрылгандар көп.

Turmush

18.11.2017

https://www.turmush.kg/news:335299

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*