Лейлек районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында «Чексиз чыгармачылык» музыкалык фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Уюштуруучулардын айтымында, республикалык деңгээлдеги фестивалга Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан келген 40 адам катышып жатат. Алар фольклор, эстрада, поэзия жана «Манас» айтуу боюнча өз таланттарын көрсөтүп жатышат.
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер менен кошо фестивалдын Бишкекте өтүүчү бөлүгүнө катышууга жолдомо берилет.
Turmush
14.11.2017
Leave a Reply