Көзү азиз адамдын акчасын туура майдалап беришеби? Бишкектеги соцэксперимент (видео)

 

Бишкектин көчөсүндө көзү азиз адам бара жатып, алдынан чыккандардан акча майдалап берүүсүн суранат. Бирок өзү ойлогон купюрадан чоңураак акчаны сунат.

Мындай кырдаалда шаар тургундары кандай мамиле кыларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билип көрдү.Эл аралык азиздер күнүнө арнап өткөрүлгөн бул социалдык эспериментке катышкан 10 адамдын бардыгы тең абийирдүү жана чынчыл болуп чыкты.

Акчаны майдалап бере албагандар дагы көзү көрбөгөн адамдын колунда өзү ойлоп жаткандан көбүрөөк акча бар экенин ачык айтып жатышты.

Мындан ташкары, көпчүлүк кишилер майыптын алдында турган арык, тепкич сыяктуу тоскоолдуктарды айтып, жол көрсөтүп берүүгө аракет кылышты.

Sputnik / Эмиль Садыров
14.11.2017
https://sptnkne.ws/fWMU

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*