Бир кыздын тагдыры (Адвокаттын блогу)

Маматкадыр Таштанбеков, Юстиция министрлигинин алдындагы Кара-Суу райондук Акысыз укуктук жардам борбору   

mamatkadyir-tashtanbekov

 

Мен Жолочева Кайыргуль Карасуу районундагы Карасуу шаарында жашайм. Биринчи байбичем оорудан каза тапкан. Азыр экинчи жолу турмуш жаңырттым.

Биринчи байбичемден төрт балам бар. Алардын баары жайгашып өз алдынча болуп кетишкен. Экинчи аялымдан төрт жашар кызым бар. Маселе аялымдын ээрчитип келген жети жашар кызында. Экинчи аялыма үйлөнгөнүмдө колундагы кызы бир жаштан араң өткөн болчу. Аны өз кызымдай багып алдым. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы деген жеринде эч нерсе жазылбаган. Бирок ал кыз мени өз атасы деп билет. Быйыл мектепке алып барууга документ чогултуп, №31 мектепке киргиздик.

Бала экен да, балдар менен урушат экен талашат экен, атасы жөнүндө ар кандай сөз угуп келчү болду. Менден  ар кандай суроолорго жооп сурай баштаганынан, бул кызга өз фамилиямды берүүнү чечтим.

Биринчи кадамымды социалдык коргоо бөлүмүнөн баштадым. Барбаган жерим, каккылабаган эшигим калбады. Биринен бирине барып тажап бүттүм. Атаңа бар, энеңе бар дегенден башкага жарабады. Акыры ойлонуп сотко да келдим, алар да бул маселени чече албады. Айлам кетип, ушул кыздын тагдырын ойлоп, кылбаганым калбады. Жумушун билбеген адамдар иштеп жатканына өкүндүм.

Баары эле атасынан отказ жаздырып кел дешет. Атасы жок, тактап айтканда эч жерде атасы жазылбаган, атасы жок кыздын кайсы атасынан отказ алып келем? Жөн гана ушул кызга фамилиямды берүү ушунчалык кыйын экенине түшүнбөй келем. Ушул маселени чечүүгө айлам кетип, сиздерге  кайрылып олтурам.

Жыйынтыгында: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Карасуу райондук Укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборунун юристеринин кеңеши менен, Карасуу райондук Социалдык коргоо башкармалыгы жана Сот аркылуу жогорудагы маселе чечилип берилди.

17.11.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*