Бала чагынан бери 2-топтогу майып Кылычбек Мундузов эми жумушка орношот. Мындай тапшырманы Ысык-Ата райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына министр Таалайгүл Исакунова берди.
“Менин 4 балам бар. Үйүм жок, ошондуктан ата-энем менен бирге жашайм. Атам дагы майып. Пенсия алганым менен ал каражат эч нерсеге жетпейт”,-деди Кылычбек Мундузов.
Ошондой эле ал улуу баласынын буту ооруп, доктурлар остеопороз деген диагноз койгонун кошумчалады.
Министр айым медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуштап, ортопеддик бут кийим менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.
Ошондой эле министр бул жарандын үй-бүлөсүнүн балдарына окуу куралдарын тапшырды.
20.09.2017
Булак: Каганат
Leave a Reply