Заманбап келиндер (видео)

ddbe5351-2393-469e-8ee9-99a0e1c7657a_cx0_cy2_cw0_w1023_r1_s

Ташкенттеги казактарда да кайнене-кайнатага жүгүнүү салты бар

Азыркы келин кандай болушу керек? Кайнене-келин тиреши жоюлуп баратабы? “Азаттык+” заманбап көз караштагы келиндер менен баарлашты.

Кээ бир элдин салтында келин темасы бүтпөгөн кеп. Илгертеден келин үй оокатын айтырбай кылып, тамакты даамдуу жасап, балыктай болуп үн катпаш керек деген түшүнүк бар. Бирок бүгүн заманга ылайык келиндин жаңы образы пайда болуп бараткандай. Ал кайын-журттун көңүлүн ала билет, үй оокатына тың, жумушта ийгилик жарата алат.

Студиябыздын коногу Айгерим Курманалиеванын турмушка чыкканына үч жылдай болду. Жумушуна байланыштуу баш кошкондон кийин эле чет өлкөгө иш сапарга кеткен. Айгерим бүгүнкү келиндер үйдө, иште дагы мыкты болушу керек дейт. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова кайненеси менен бирге турганына 20 жылдай болду. Депутат айым учурда каардуу кайненелер азайып калганын айтууда. Казак элине келин болгон ырчы Кенже Дүйшеева заманга жараша деп илгерки келиндик милдетти, салтты унутуп коюу туура эмес деген пикирде.

Super kg сайтынан келген өкүл Элвира Караеванын айтымында, аталган сайттагы “Супер келинчек” сынагына 40-50дөй келиндин сүрөтү түшкөн. Жиберген авторлор таңдан кечке кыңк этпей оокат кылгандарды гана “супер келин” деп аташкан. “Ак жоолук ажары” уюму кыз-келиндерге үй-бүлөлүк кеңештерди берип, окутат. Аларга жаңы келин болуп баргандар, турмушка аттанып жаткан кыздар кайрылат.

Казакстанда “келин” деп аталган атайын социалдык тармак бар. Аны казакстандык Дидара Пернебаева аттуу студент жаш келиндердин маселесин чечүүгө жардам болсун деген ниетте ойлоп тапканын айтат. Тиркемеге катталган миңдеген келиндер өз кеңештери, тамак-аш сырлары, ар кандай турмуштук пайдалуу кеңештер менен бөлүшөт. Кыскасы келиндердин аты-жөнү анонимдүү болгондуктан ээн-эркин сырдашууга ыңгайлуу. Ал эми Кыргызстанда мындай тиркеме жок болгону менен Инстаграмм, Фейсбук сыяктуу социалдык тармактарда келиндер үчүн баракчалар ачылган. Маселен, Инстаграммдагы Kelin kg аккаунтунда 15 миңден ашык колдонуучу катталган. Ал жактан келиндерге тиешелүү пайдалуу кеңештерди, кызыктуу маалыматтарды тапса болот.

25-март, 2016
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_bride_problem/27635327.html

1 Trackback / Pingback

  1. Кайын-журт келинди кемсинтпесе

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*