КЫРГЫЗСТАНДА БИР ДАГЫ ҮЛГҮЛҮҮ ИНКЛЮЗИВДИК МЕКТЕП ЖОК

Кыргызстанда инклюзивдик билим берген бир дагы үлгүлүү мектеп жок. Бул тууралуу Ата-энелер бирикмесинин жетекчиси Тамара Жумабекова 3-августта билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү мектептерде майыптыгы бар окуучу балдар үчүн тиешелүү шарттар түзүлө элек. Мисал катары айтканда кадимки эле пандустар жок. Ошондуктан Тамара Жумабекова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелеринин атынан жаңы мектептерди майып адамдардын муктаждыгын эске алуу менен курууну өтүндү.

Билим берүү министрлиги билдирген боюнча, Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелүү окуучулардын укуктары эске алынууда. Атап айтканда, өкмөттүн “Коопсуз мектеп жана бала бакчалар” токтомуна ылайык, 70 объект чакан топтордун кызыкчылыгын эске алуу менен атайын курулуш ченемдери жана эрежелери боюнча курулат.

Эске сала кетсек, учурда өлкө боюнча 19 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар мектепке барганга мүмкүнчүлүгү жок үйдө отурушат. Адистердин айтымында, эгерде жаңы мектептерге лифттер орнотулса майыптыгы бар балдар мектепте окуп, татыктуу билим алууга жана өз алдынча өнүгүүгө шарт түзүлмөк.

 Субанбек Исмакеев

Август 4, 2017 

http://maralfm.kg/archives/240238

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*