Аялдын убактылуу кармоочу жайдагы унутулган укуктары

Абакта байпак токуп отурган аял.

Абакта байпак токуп отурган аял.

 

Кыргызстанда камакка алынган аялдардын гендердик укуктары сакталбайт. Мындай маалыматты “Эл аралык көмөктөшүү жана коргоо борбору” аттуу уюм таратты.

Аталган уюм жүргүзгөн изилдөөдө убактылуу кармоочу жайларда аялдарды чечинтип текшерүү, жуунуучу жайларга жана дааратканага коштоп баруу сыяктуу жумуштарды эркек кызматкерлер аткарары аныкталган.

Өлкөдөгү жабык жайлардагы аялдарды эркек кызматкерлер жылаңачтап текшерип, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө чейин барышат деген сөздөр имиш деңгээлинде гана айтылып жүрчү. “Эл аралык көмөктөшүү жана коргоо борбору” уюмунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов изилдөө жабык жайлардагы аялдар кандай шартта кармаларын ачык көрсөткөнүн айтат.

– Айрыкча убактылуу кармоочу жайларда иштеген эркек кызматкерлер анда кармалып жаткан аялдарга жыныстык жактан зомбулук көрсөтөт деген шектенүүлөр буга чейин эле бар болчу. Биздин изилдөө ошол шектенүүлөрдүн баары жөн жерден чыкпаганын көрсөттү. Сурамжылоого катышкан жактоочулардын ичинен бешөө өздөрүнүн аял кардарларынан жыныстык мамилеге байланыштуу нааразылыктар болгонун билдиришти. Ошол убактылуу кармоочу жайда отуруп арыз бербеген аялдар эркиндикке чыккандан кийин ал жердеги көргөндөрүн эч качан айтпаганга аракет кылат экен. Ошентсе да сурамжылоого катышкан 65 аялдын баары жынысына жараша мамиле кылынбаганын ырасташты.

Иллюстрация

Иллюстрация

“Эл аралык көмөктөшүү жана коргоо борбору” жүргүзгөн иликтөөгө убактылуу кармоочу жайда жаткан жана жатып чыккан 65 аял катышкан. Сурамжылоого катышкан 65 аялдын баары жуунучу жайга, жактоочу менен жолугушууга жана сотко эркек кызматкерлердин коштоосунда барганын билдиришкен. 38 аял жеке текшерүүнү эркек кызматкер жүргүзгөнүн, ага эркек күбөлөр катышканын айтышкан. Дагы үч аял сексуалдык байланышка макул болсо жардам берем деген милиция кызматкерлери болгонун билдиришкен.

Кыргызстандагы Кыйноолорду алдын алуу борборунун Оштогу жетекчиси Марс Сансызбаев жакында эле ушундай мисалга кабылганын айтат.

– Бизге жакында эле Жалал-Абад облусунан бир аялдын арызы түштү. Ал арызда мага жекече текшерүүнү эркек киши жүргүздү. Ага катышкан эки калыс да бейтааныш эки эркек киши болчу. Андан сырткары чөнтөгүмдөгү 3 миң сом акчамды актка кошпой уурдап коюшуптур деп жазылган. Биз ал арыз боюнча текшерүү иштерин баштадык. Негизи мындай болбошу керек. Аялды аял гана текшере алат. Аялдардын жуунуусу, дааратканага баруусу, адвокат менен жолугууга чыгуусу сыяктуу иштер аял кызматкерлердин көзөмөлүндө болушу мыйзамда көрсөтүлгөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгынан кийин көптөгөн жактоочулар жабык жайлардагы абалды соттор эске ала жүрүшү керек дешет. Маселен, биринчи жолу кылмышка шектелген аялды дароо эле ошол уят, намыс, аялдык купуялуулук деген нерселердин бирин дагы сыйлабаган жайга салып берүү аялды жакшылыкка түртпөй турганы айтылды. Жактоочу Татьяна Томина:

– Биздеги тартип сакчылары кылмышка шектелген аялды дароо эле убактылуу кармоочу жайга жапканга аракет кыла беришет. Мисалы бир жолу бир аял күйөөсү менен урушуп, үйдөн чыгып кетиптир. Ошол арада күйөөсү жашаган үйгө ууру кириптир. Уурулукка шектүү катары кечээ эле таарынып үйдөн чыгып кеткен аялды кармашыптыр. Үйдөгү идиштерден ошол аялдын манжасынын издери табылганын жүйө келтиришкен. Ал аял ошол үйдө жашаса анын манжасынын изи чыгары мыйзам ченемдүү да. Ал аял эмчектеги баласы менен убактылуу кармоочу жайда эркек кызматкерлердин көзөмөлү астында отурду. Ал эми ууру такыр башка адам болуп чыкты. Ал аялдын бөөдө азап тартканына эч ким жооп берген жок. Соттор ушул жагын эске алышы керек.

Кыргызстандагы жабык жайларда аялдарды негизинен 24 саат бою эркек кызматкерлер көзөмөлдөп келатканын Акыйкатчы институту да жакшы билет. Омбудсмендин Оштогу өкүлчүлүгүнүн кызматкери Талантбек Тургунбаевдин айтымында, райондук жана шаардык милиция бөлүмдөрүндө аял адистер жетишпейт. Ошондуктан эркек жыныстагы кызматкерлер камактагы аялдарды 24 саат бою көзөмөлдөө милдетин аткарышат. Бирок ал бул көрүнүш мыйзамсыз жана аялдар үчүн абдан кооптуу дейт.

– Узатуу, күзөтүү, соттук кароону күтүү учурлары эркектердин көзөмөлүндө болуусу аялдардын укугу бузулду деп эсептелет. Айтсак, Жалал-Абаддан Ош шаарына сотко алып келүүгө кеминде 2-3 саат убакыт кетет. 100 чакырым аралыктагы ээн жолдордо жалгыз аял бир нече эркек кызматкердин коштоосунда келет. Кайра ошентип кетет. Жолдо ар кандай иштер, ар кандай сөздөр болушу мүмкүн. Ошол убакта аял дааратканага кантип барат? Мына ушундай маселелер азырынча чечилбей келатканы чын.

Өлкө түштүгүндөгү үч облуста эле 22 убактылуу кармоочу жай бар. Айрым убактылуу кармоочу жайларда аял кызматкерлер такыр жок. Жактоочулардын айтымында, аялга эркектей мамиле кылуу, алардын аялдык сезимин өчүрүп, эч нерседен уялбаган, бетин биротоло ачып алган жаңы кылмышкерлердин калыптанышына шарт түзөт экен. Статистикалык маалыматтарга карганда аялдар арасындагы кылмыштуулуктун саны жылдан жылга 100-200гө өсүп баратат.

18-июль, 2017
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_human_right_prison_women_2017/28620835.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*