Түп районунун 28 жаштагы тургуну Кыял Борончиева балдар борборундагы бөбөктөргө бисерден кооз буюмдарды жасаганды үйрөтөт. Ал бош убактысында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштегенди жактырат.
«Мага балдар менен иштеген абдан жагат. Майда шуруларды тизип иштегенде балдардын колдору көнөт, ой жүгүртүүсү жакшырат. Алардын кол эмгекке болгон кызыгуусу да артып баштайт», – дейт ал.
Кыял эжеси Сонун Борончиева менен биргеликте келечекте цех ачып, таланттуу балдардын жасаган эмгектерин сатып берсем деген тилеги бар. Өзү 3 баланын энеси.
Turmush
12.07.2017
http://www.turmush.kg/news:327915/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply