Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы драм театрынын алдында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип, балдарга майрамдык салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду.
Мэриянын маалыматына караганда, шаар бийликтери балдарга белектерди тапшыруу менен бирге чоң программадагы концертти тартуулашты. Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева балдарды майрамы менен куттуктап, аларга кең келечек каалады. Майрамдык салтанатка келген балдарга балдардын «Ариет» чыгармачылык борборунун таланттуу уул-кыздары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Борбордук аянтта шаардын балдары үчүн спорттук жана интеллектуалдык оюндар, асфальт бетине сүрөт тартуу сынактары уюштурулду. Ошондой эле, өнөрпоздор тарбиялык мааниси терең кызыктуу жомокту сахнага алып чыгышты.
Эки күңдүк майрам убагында 500 бала эс алуу бактарындагы аттракциондордо акысыз ойноп, мындан сырткары шаардагы 1000 балага акысыз балмуздак жана шириндиктер таратылды. Ошондой эле, 18 жашка чейинки 416 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.
Turmush
02.06.2017
Leave a Reply