Бүгүн, 11-апрелде Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын карап үйүндө отурган апалар арасында спартакиада өткөрүлдү. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген 32 баланын апасы спорттун 3 түрү боюнча мелдешти.
Сузак районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Асылкан Раманкулованын айтымында, мелдеште алдыңкы орунга жеткен энелерге демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер берилди.
«Негизги максат мүмкүнчүлүгү чектелген баласын карап үйүндө отурган энелерди коомго аралаштыруу, аларга көңүл бөлүү болуп саналат. Мелдешке 32 баланын энелери активдүү катышты. 4 команда болуп, өз активдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Ал эми балдар энелерине концерттик программа тартуулашты. Ошондой эле, сый тамак уюштурулду», – дейт ал.
Маалым болгондой, мелдеш «Асыл-Ай» коомунун демилгеси менен райондук администрациянын, райондук прокуратуранын, соттун, өрт кызматынын жана айыл өкмөттөрдүн колдоосунда өткөрүлүп жатат.
Turmush
11.04.2017
http://www.turmush.kg/news:322889
Leave a Reply