Балдар үйлөрүн алмаштырган энелер

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги күзгө чейин фостердик үй-бүлөлөрдүн санын көбөйтмөй болууда.

Айнагүл Чалгынбаеванын үй-бүлөсү фостердик үй-бүлө. Башкача айтканда, ал ата-эне мээриминен ажыраган балдарды өз үйүндө багып, тарбиялап келет. Аларга энелик мээримин төгүп туруу Айнагүлдүн кадимки жумушу. Балдарынын ар биринин окуясын, башынан өткөргөн күндөрүн ал өзү гана билет:

– Бир эркек балам, үч кызым бар. Азыр алар сабакта. Атайын тарбиячынын курсун окугам. Билимим бар. Ынтымакта жашайбыз. Баарынын көңүлүн карап, жетишкенге аракет кылам. Менимче, аларга жетим балдар үйүнө караганда, бул жакта көзөмөл жакшы. Балдардын өзүнө да жагат.

12-апрелде кыргыз өкмөтүнүн ювеналдык юстиция боюнча тармактык мекемелер аралык координациялык кеңеши «2014-2018-жылдары балдар интернаттарынын мекемелерин каржылоо жана башкармалыктарды оптимизациялоо» боюнча токтомунун аткарылышын талкуулады.

Баарынын көңүлүн карап, жетишкенге аракет кылам. Менимче, аларга жетим балдар үйүнө караганда, бул жакта көзөмөл жакшы. Балдардын өзүнө да жагат.

Вице-премьер министр Чолпон Султанбекова жетектеген бул жыйын негизги көңүлдү кароосуз калган балдарды асырап алган үй-бүлөлөрдү көбөйтүү маселесине буруп, аны ишке ашырууга Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 1-октябрга чейин мөөнөт берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө боюнча ушул тапта кароосуз калган балдарды асырап алган тогуз үй-бүлө бар. Аларда он жети бала жашайт. Фостердик үй-бүлөдөгү эненин бир бала үчүн алган эмгек акысы 6000 сом. Мындан сырткары, ар бир баланын бир айлык чыгымы үчүн да 6000 сом кошумча берилет.

Фостердик үй-бүлөдө бир балага кеткен жалпы каражат 12 миң сомду сүзсө, мамлекеттик балдар үйлөрүндө тарбияланган бир балага 12-14 миң сом бөлүнөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Жаңыл Жумабаева:

Долбоордун максаты – балдарды үй-бүлөдө тарбиялоо. Эгер мүмкүнчүлүк болсо аларды өз ата-энесинен ажыратпаш керек. Мисалы, бир жыл ичинде фостердик үй-бүлөдө тарбияланып, кайра үйүнө кайтып келген балдар бар. Мындан сырткары, балдар үйлөрүндө же фостердик үй-бүлөдө тарбияланган эки балага тең чыгым бирдей эле. Бирок, тарбия, көңүл буруу ар башка. Интернатта 15-20 балага бир тарбиячы, бул жакта 4-5 балага эне кызматын аткарган тарбиячы иштейт, – деди.

 Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта мамлекеттик, муниципалдык, менчик жана диний интернат, борбор, балдар үйлөрүндө сегиз миңден ашуун бала тарбияланууда. Алардын 500ү, башкача айтканда, 6% томолой жетим, айрымдарынын ата-энеси экөө тең, кээ бирлеринин атасы же энеси гана бар.

Укук коргоочулар интернаттарды каржылоого кетип жаткан миллиондогон акчаны баланын үй-бүлөдө жашап өнүгүүсүнө жумшоо керектигин айтышат. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Мунир Мамедзаде фостердик үй-бүлө эл аралык тажрыйба экенине токтолду:

– Дүйнө жүзү боюнча балдарды дароо балдар үйлөрүнө жайгаштыруу каралбайт. Бирок, Кыргызстанда эмнегедир үй-бүлөдө маселе жаралса, аны чечпей, соттун чечими менен интернатка жайгаштырып коюшат. Фостердик үй-бүлө системасы өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө бар. Ага көп деле каражат талап кылынбайт. Балдар үйлөрүндө тарбия толук эмес экенин эске алыш керек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кароосуз калган жана жетим балдарды баккан 86 мекеме бар.

Айгерим Акылбекова
17-апрель, 2017
http://www.azattyk.org/a/children_kyrgyzstan_social_human_right_2017/28431182.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*