Нарында «Мен майып эмесмин» даректүү тасмасы тартылууда (видео)

 

Нарын шаарында «Биздин тилек» кайрымдуулук фонду тарабынан «Мен майып эмесмин» даректүү тасмасы тартылууда. Бул тууралуу тасма жаратуучу Талант Ниязбеков аймактык кабарчыга билдирди.
Өзүнүн айтымында, аталган тасмада Ат-Башы районунун тургуну Рахатбек Үсөнкожоевдин жашоо турмушу, жетишкен ийгиликтери көрсөтүлөт.
«Мал багып жүрүп жыгылдым. Басып кетмек тургай отура албай калдым. Менин төшөктө жатып калганым апама абдан оор тийди. Эки жылдан кийин келинчегим таштап кетти. Балдарымды алып калдым. Алардын келечеги үчүн чыйралышым керек эле. Апамдын көз жашын токтотуу үчүн мен да өзүмдү колго алдым. Алгач камчы жана жаа жасап баштадым. Андан түшкөн пайда тамак-ашка гана жетчү. Алардын эң кымбат сатылганы 600 сом болсо, айрымдар 200 сомго алып кетчү. Бир жолу апам көчөгө көтөрүп чыксын деп териден сапаттуу сумка жасап көрдүм. Байкасам колумдан келет экен. Буга чейин мал багып жүрүп, кошумча иш жасап көргөн эмесмин. Андан кийин камчы менен жааны биротоло токтотуп, сумка жасоого өттүм. Жатып алып тиккен сумкалар абдан көп болуп кетти. Аны эч ким сатып алган жок, көңүл да бурушпады. Көп сумка тигип алгандан кийин кантип сатам деп ойлондум. Бир күнү Ат-Башы районунда фестиваль болуп, ага сумкаларымды көргөзмөгө койдум. Элдин кызыгуусу ошондо башталды», – деди Р.Үсөнкожоев.

Turmush 

17.03.2017

http://www.turmush.kg/news:321583

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*