Сузактык майып Б.Исмаилова 4 айдан бери пенсия албай, айрым учурда ачка калууда (фото, видео)

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашаган 2-топтогу майып Болдукыз Исмаилова 4 айдан бери пенсиясын ала албай келет.
Б.Исмаилова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал буга чейин майыптыгы үчүн 1500 сом пенсия алчу. Учурда ал 52 жашта, жалгыз бой. 1987-жылдан бери кургак учук менен ооругандыктан каттоодо турат. Жалгыз кызын турмушка узаткан. Жанына караан болсун деп 4 жаштагы небересин алган.
30 жылдан бери ооруканага каттап, кургак учук дарты менен күрөшүп жүргөн Б.Исмаилова 2011-жылы 2-топтогу майыптык менен 1500 сомдон пенсия ала баштаган. Учурда Ынтымак айылында башка бирөөнүн үйүндө 4 жаштагы небереси менен жашайт. Алган пенсиясын коммуналдык кызматтарга, тамак-ашына, дары-дармектерине жумшаарын айтат.

«2011-жылдан бери пенсия ала баштадым, жашаган үйгө акча төлөйм. 1500 сом жетпей кыйналып жүргөндүктөн бирөөлөр пенсияны көбөйтүү боюнча кеңеш беришти. Андан улам берилген үлүш жер боюнча такташтыра баштадым. Атам каза болуп калган, бир тууган агам ичкиликке берилген. Атамдын жерлерин өзүмө өткөрүп, Социалдык фондго бардым. Жер боюнча документтерди карашып, «6 миң сом төлөшүңүз керек экен, анан кошулат» дешти. Сугат жерди алыс тууганыбыз иштетет. Ошондон бери пенсия берилбей токтоп калды», – дейт ал.
Ал пенсия берилбей калгандан бери коммуналдык кызматтардын акчасын төлөй элек, тамак-аш алууга да акчасы жок.

«Жылда ооруканага жатып, дарыланып турчу элем. Акчам жоктугуна байланыштуу ооруканага дагы жата албай калдым. Ал эмес кээде ачка калган учурларым болууда», – деп кошумчалады Б.Исмаилова.

Ал эми кийинчерээк Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын жашоочусу Б.Исмаилова Социалдык фонд тарабынан буга чейин пенсия алчу эмес.
Маалыматка караганда, Б.Исмаилова майыптыгы боюнча Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлиги тарабынан жөлөк пул алып келген.

Turmush 

06.01.2017

http://www.turmush.kg/news:317692?from=portal&place=imp-turmush-kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*