УКМКнын кызматкерлери көзү азиз жана көрүүсү начар балдар окуган интернатка жардам көрсөтүштү (фото)

Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатта билим алган окуучуларды Оштогу улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери куттукташты.
Жаңы жылдык куттуктоо менен келген конокторго окуучулар концерттик программа тартуулашты, деп билдирди кабарчы. Мектеп директору Айгүл Кудайкулованын айтымында, мындай саамалык 20-декабрь – Улуттук коопсуздук кызматындагы кызматкерлердин кесиптик майрамына карата жыл сайын уюштурулат.
«Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайм жана ыраазычылык билдиребиз. Балдарга жаңы жылдык белектерди, кир жуучу машина, шейшептерди алып келип беришти. Биздин мектепке Жалал-Абад, Баткен облустарынан да балдар келип билим алышат. Жалпы 120 бала окуйт», – деди А.Кудайкулова.

Turmush 

19.12.2016
http://osh.turmush.kg/news:316701/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*