Каракол шаарынын 80 жаштагы тургуну Вера Кузнецова шаардык мэриядан жардам суроодо, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.
В.Кузнецованын айтымында, анын 51 жана 44 жаштагы эки уулу тең 2-3-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Аларды жалгыз багат.
«Эки майып баламды жалгыз багам. Кышкысын электр жарыгы менен үй жылытууга эле көп каражат кетип жатат. Алган пенсияларыбыз жетпейт. Ошондуктан көмүр жана отун алууга жардам берүүнү шаардык мэриядан суранам», – деди В.Кузнецова.
Turmush
14.12.2016
http://www.turmush.kg/news:316449/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply