Кемин: балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча иш-чара өттү

Чүй облусунун Кемин районунда үй-бүлө жана мектеп окуучулар арасында зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чара өттү. Борбор Азия мамлекеттиринин адам укуктары конгрессинин координатору Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, иш-чарага Кемин районунун 6 мектебинин окуучулары, мугалимдер, жергиликтүү милиция жана муфтияттан диний өкүлдөр катышты.

Иш чаранын соңунда катышуучулар “Кемин” декларациясын кабыл алганын Турсунбек Акун кошумчалады.

– Бул декларация он пункттан туруп, ага балдардын зордук-зомбулукка кабылышын алдын алуу боюнча өкмөт атайын программаны иштеп чыгуусу зарылдыгын камтыдык. Ошондой эле парламентке тийиштүү мыйзамдарды кабыл алуу боюнча сунуштар беришет. Мындан башка бейөкмөт уюмдар дагы четте калбагандай кылып кырдаалды оңдоодо өз салымын кошууга аракеттер камтылсын деген чечимдер кирди.

Турсунбек Акун “Кемин” декларациясы бардык бийлик өкүлдөрүнө жөнөтүлөрүн кошумчалап, ушул өңдүү иш чаралар бүткүл өлкө боюнча өткөрүү максаты коюлганын айтып өттү. (SDz)

ноябрь 14, 2016

http://www.azattyk.org/a/28114706.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*