Криминалисттер үй-бүлөдөгү жана сексуалдык зордук-зомбулуктарды тергөө ыкмаларын үйрөнөт

КРнын ички иштер министрлигинин эксперттик-криминалисттик борборунун кызматкерлери сексуалдык жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды тергөө ыкмаларын жана ушул кылмыштардан азап тарткандарга жардам көрсөтүүнү үйрөнүшөт.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Сербиядан келген эл аралык 2 эксперт 9-10-ноябрда КР ИИМдин эксперттик-криминалисттик борборунун 20 кызматкери үчүн сексуалдык кылмыштарды жана үй-бүлөлүк зомбулуктарды экспертизадан өткөрүү маселелери боюнча окутушат.
Эки күндүк семинар БУУнун өнүктүрүү программасынын укук коргоо органдарын реформалоо боюнча региондук платформасынын алкагында жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин баңгизаттарды эл аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердиги боюнча бөлүмүнүн колдоосу менен уюштурулду.
Соңку статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда сексуалдык жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учурлар дагы эле кеңири кездешет жана тийиштүү соттук-медициналык экспертизаны талап кылат. Тренинг кылмыш болгон жерди аныктоону, аны коргоону, соттук-медициналык (криминалисттик жана техникалык) текшерүүнү, далилдерди документтештирүүнү, ошондой эле иш жүзүндөгү маалыматтарды топтоону жана иштетүүнү кошуп алганда бир катар маселелер боюнча өткөрүлөт – ушунун баары укук коргоо органдарынын мындай кылмыштарды туура тергөө жөндөмдүүлүгүн арттырат.

Turmush 

09.11.2016

http://www.turmush.kg/news:314432

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*