Айым-депутаттар форуму: “Зордук-зомбулуктун алдын алуу аракетин мамлекет колдоого алышы керек”

Жогорку Кеңештин Айым-депутаттар форумунун кезектеги жыйынында “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору Өкмөттүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууга алынды.

Жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жыл санап арбып бара жаткандыгы айтылып, мындан коргонуунун бирден-бир жолу кризистик борборлорду колдоого алуу менен аларга мамлекет тарабынан каржылык жардам берүү зарылчылыгы белгиленди.

Алсак, Форумдун төрайымы Элвира Сурабалдиева үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан көбүнчөс жаш балдар менен аялдар жапа чегерин белгиледи. “Бул көрүнүш жалпы коомдун келечеги үчүн өтө кооптуу. Айрыкча, зомбулукка кабылган балдар менен аялдардын тагдыры көз жаздымда калып, бул кадыресе эле көрүнүш катары сыпатталып калууда. Андыктан, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жасалгандан кийин эле жазалап салууну эле адатка айлантпастан, анын алдын алуу аракетин мамлекет да, коомчулук да көрүшү керек”, – деди ал.

Ал эми бул маселе боюнча түзүлгөн жумушчу топтун маалыматына таянсак, зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында түзүлгөн программаны ишке ашыруу үчүн 25 миллион сомго жакын акча каражаты керектелет.

Форумдун мүчөлөрү кайрымы жок кайдагы бир долбоорлорго бюджеттик каражатты корото бербей, коомдун жаркын келечеги үчүн жазылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жумшоо керек деген чечимге келди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*