Сулайманкул КАЛЫКОВ: “Майып балдарымды акыркы демимди алганга чейин таштабайм”

Оор үшкүрүнүп, ойлуу отурган 63 жаштагы Сулайман Калыков башына түшкөн оор сыноону көтөргөндөн башка айласы калбагандыгын айтты. Анын тагдыры “башка бир да жандын башына түшпөсө экен” деп тилейт. Уккан адамдын жүрөгүн сыздатып, муунун бошоткон татаал тагдыры тууралуу Сулайманкул ата кеп баштады:

«Дарыгерлердин айтканына макул болсом, ушундай күнгө кабылбайт белем…»

– Мен да бир кезде келечектен үмүтү чоң бактылуу жигит элем. Өзүм Өзгөндүн Көлдүк айыл өкмөтүндө төрөлүп, балалыгым, жаштыгым, бүт өмүрүм ушул аймакта өттү. Айылдык мектепти аяктап, Жалал-Абад шаарындагы Соода техникумунун бухгалтердик факультетине тапшырдым. Аталган техникумда окуп жүргөн мезгилде жубайым Бүайша менен таанышып калдым. Анын да жердиги Өзгөндүн Көлдүк аймагы болчу, Жалал-Абадда тикмечилик боюнча билим алат экен. Экөөбүз жылдызыбыз келишип, кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Окууну бүтүп, 1970-жылы баш коштук. Бир жылдан соң аялым ай-күнүнө жетип, төрөр мезгили келип калды. Мырзаке айыл өкмөтүндөгү оорукананын төрөт бөлүмүнө алып барсам өзү төрөй албасын айткан дарыгерлер райондун борборуна жиберишти. Ал жактан да операция жолу менен төрөтө тургандыктарын билдиришти. Мен аялым каза болуп калат деп коркуп, операцияга макул болбой койдум. Ошондо эле макул болсом, кызым аман-эсен төрөлүп, ушундай күнгө кабылбайт белем… Андан соң дарыгерлер аялымды вакуум-аппараты аркылуу сордуруп алуу жолу менен төрөтүп алышты. Ошентип 1971-жылы алгачкы перзентим Гүлмира жарык дүйнөгө келди.

 

“Кызым төрөлгөндөн бери баспайт, 45 жылдан бери төшөктө”

– Тун перзент көргөндө кубанганым менен кубанычым көпкө созулган жок. Анткени кызымдын тили чыккан жок, өз алдынча баса да алган жок. Билим алуу, турмуш куруу, бала жытын жыттоо сыяктуу жашоонун бир да жыргалчылыгын көрбөдү, байкушум. Бүгүнкү күндө 45 жашка чыкcа, 45 жылдан бери жаш баладай көтөрүп даарат ушаттырып, тамак жедирип карап келебиз. 24 саат бою төшөктө жатат. Сүйлөсөң түшүнөт, бирок ооз ачып сүйлөп жооп кайтара албайт. Кызымды айыктырам деп какпаган эшигим, барбаган ооруканам калбады. Акыры көп жылдык текшерүүлөрдөн кийин кызымдын оорусунун себеби билинди. Көрсө, вакуум-аппараты аркылуу сордуруп алып жатканда баланын мээси ордунан жылып, суюлуп кеткендиктен тубаса майыпка айланып калган экен. Өкүнүчтүүсү, так диагноз чыккан ал маалда уулум жарыкка келип, ал да дал ошондой вакуумдун жардамы менен төрөлгөн эле.

 

“Уулумдун тагдыры да дал эжесиникиндей”

– Кызымдын азабы менен кошо уулумдун азабын да тартып келем. 28 жаштагы Алтынбек аттуу уулумду төрөрдө да аялымдын ден соолугу начарлап, өзү төрөй албагандыктан сордуруп алуу жолу менен төрөтүшкөн. Анын тагдыры да дал эжесиникиндей. Бир орунда жатат. Уулумду да жаш бала сыяктуу тосуп, тамактандырып, жуундурууга аргасызмын. Башка айлам жок. Башка түшкөн тагдырды көтөрбөй кайда бармак элем. Кызым баспаганы менен анын өтө оор оорусу жок. Ал эми уулумдун талмасы бар. Талмасы кармаганда тилин чайнап, титиреп, өң-келбеттен кетип нары барып, бери келет. Мен үчүн ошол учурдагы уулумдун кыйналганын көрүүдөн өткөн азап жок. Райондун борборунан 60, облустун борборунан 100 чакырымдай алыстыкта жашагандыктан балдарым ооруган мезгилде айламды таппай калам. Унаам жок. Дарыгерлер да жолдун алыстыгынан улам бул жакка келишпейт. Көлдүк айыл өкмөтүндө алгачкы жардам көрсөтүү кызматы да жок. Уулумдун дарысын берип, эптеп өзүнө келтирем. Борбордон алдырган ал дарылар да өтө кымбат турат.

 

“Төрт перзентибизден айрылып, алардын кайгысынан аялым да бизди таштап кетти”

– Эх, ушунчалык оор тагдырга туш болом деп ойлобоптурмун. Аз убакыттын ичинде 3 кызымдан, 1 уулумдан ажырагам. Элмира аттуу кызым 6 жашында Көлдүк суусуна агып кетип каза болгон. Андан кийинки Назгүл аттуу кызым 7 жашка чыкканда 1984-жылы оорудан улам, Айтолкунум да 1 жашка чыкканда кызамык илдети менен ооруп каза болду. Андан кийинки уулум Сексенбайдан 1994-жылы 2 жашар мезгилинде менингит дарты ажыратты.Аялым балдарымдын азабын тартып жүрүп кан басымы көтөрүлүп, анысы аз келгенсип боору эхинококкоз илдетине чалдыгып калды. Ошол оорудан айыкпай 2007-жылы 55 жашында каза болуп калды. Ошентип аялымды да 4 балам менен кошо жерге берип отуруп калдым. Өлгөндүн артынан өлмөк жок экен. Аргам жок ушул эки майып балам үчүн жашап келем.

“Инсультка чалдыгып, 20 күн эч нерсени сезбей жаттым”

– Мындан тогуз жыл мурун Саадат аттуу аялга үйлөнгөм. Ал учурда 59 жашта. Майып балдарыма өгөйлүгүн кылбай, өз баласындай кылып тосуп, тамактандырып, барга-жокко чыдап мен көргөн күндү көрүп жатат. Бирок жакында эле кан басымы көтөрүлүп, сол көзү көрбөй калды. Оң көзү да начар көрөт. Ушунун баарын көтөрүү мен үчүн оңойго турбады. Бир чети карылык, бир чети кайгыдан болсо керек. Өткөн жылдын 11-майында кан басымым көтөрүлүп ооруканага бардым. Дарыгерлер: “Ооруканага жатып дарыланыңыз”, – дешти. Ага мүмкүнчүлүгүм жок болчу. Анткени эки майып балама каралашпасам болбойт. Аларды таштап үйдөн карыш жыла албайм. Ооруканадан үйгө жакшы эле келгем. Кечинде тамактанып, жаткан боюнча эсимди жоготуптурмун. Дарыгерлер келип “үй шартында карагыла, тынчтык керек, ызы-чуу кылбагыла” деп дары-дармек берип кетишиптир. Ошол бойдон 5 күндө өзүмө келиптирмин. Бирок тилим булдурап, сүйлөй албай калыптырмын. 20 күндөй төшөктө жатып, араң таяк таянып баса баштадым. Сүйлөсөм сөздөрүм даана чыкпай бир топко чейин кыйналып жүрүп, учурда басып калдым. Бирок 2-топтогу майыпка айландым. Кан басымым бат-бат көтөрүлчү болду. Мен өлүп калсам, балдарымды ким карайт?

 

“Балдарымды атайын ооруканаларга таштап салышымды сунушташты”

– Негизи айыл жергесинде жашагандар мал чарбачылык, дыйканчылык менен тиричилик кылышат. Менде болсо бул экөөнүн бирине да мүмкүнчүлүк жок. Балдарымдан бир кадам да чыга албагандыктан майыптык үчүн алуучу пенсиянын көзүн карап гана күн кечиребиз. Жашаган үйүм болсо эки бөлмөлүү, шарты жок. Биздин айыл райондун борборундагы ооруканалардан алыс жайгашкандыктан балдарым ооруп калган мезгилде өз учурунда ооруканага жетип баруу кыйынчылык жаратып жатат. Ошондуктан Өзгөн шаарына жакыныраак жерден жер тилкесин бөлүп берүүгө жардам сурап Өзгөн районунун акимине кайрылдым. Бирок бул маселе боюнча жардам бере албастыгын түшүндүрүп, банктан жеке эсеп ачууга көмөк көрсөттү. Учурда 63 жаштамын. Жакында туугандарым майып балдарымды атайын ооруканаларга тапшыруу сунушун айтышты. Макул болгон жокмун. Алардын көзүн жалдыратып ооруканага таштап коюп кантип тамак жеп, кантип жашамак элем. Жакындарыма “менин көзүм тирүүсүндө майып балдарымды эч жакка тапшырбайм. Мен каза болгондон кийин кандай карайсыңар ал өз эркиңер” дедим. Өзгөн районунан чыккан жетекчилер, эл өкүлдөрү Аалы Карашев менен Курманкул Зулушевге силер аркылуу кайрылууга аргасызмын. Менин тагдырыма кайдыгер карабай, эгерде бул макаланы окуп калышса, Өзгөн шаарына жакын жерден жер тилкесин бөлүп берүүгө көмөктөшсө жакшы болмок. Эки бөлмөлүү болсо да эптеп үй салып алмакмын. Алардан башка да чын жүрөгү менен жардам кылам деген жарандардын жардамына муктажмын.

Менин байланыш телефонум: 0778 358 460

Зульфия Тургунова

http://www.lady.kg/node/3316

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*