Эртең, 19-октябрда Каракол шаарынын тургундарына акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Акция Юстиция министрлигинин демилгеси менен «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында министрликтин Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан уюштурулууда.
Уюштуруучулардын айтымында, акция «Укугуңду бил» деген темада болуп, анын жүрүшүндө жарандарга акысыз юридикалык жардамдар көрсөтүлөт.
Бул иш-чарага нотариустардын кызматкерлери, жактоочулар жана юристтер катышып, жарандарга кеңештерди беришет.
Turmush
18.10.2016
http://www.turmush.kg/news:313031/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply