Фото – Өзгөндө жубайы жана 3 баласы майып ата жардамга муктаж

 

 Өзгөн районундагы Көлдүк айылынын тургуну Сулайманкул Калыковдун 3 баласы тең майып болуп төрөлгөн. Балдардын апасы мындан 9 жыл мурун каза болгон. Ата-эне балдарын дарылатуу аракети менен көп мекемелерге барып, бирок жыйынтык чыккан эмес.
Учурда 3 баласы тең бой жетип, бирок өздөрү тамак жеп, кийимин кийип, сүйлөй албайт. Тагдырдын сыноосуна баш ийип, жакшылыктан үмүт үзбөй келген ата коомчулуктан жардам сурайт.
«Мен 66 жаштамын. 2 уулум, 1 кызым бар. Кызым Гүлмира 45 жашта, баса албаганы менен өзү кийимин кийип, тамак ичип, сүйлөсөң түшүнөт. Ал эми уулум Алтынбек 28 жашта болсо, кичүү уулум Жусупбек 24 жашта. Экөө тең 1-топтогу майып. Өз алдынча тамак ичпейт, сүйлөй да албайт.
Апасы ушулардын күйүтүн тартып, айыктырам деп жүрүп 9 жыл мурун каза болуп калды», – деди С.Калыков.
Сулайманкул мырза аялы каза болгондон кийин Саадат аттуу айымга баш кошкон. Кийинчерээк анын бир көзү жакшы көрбөй калган.
«Бир үй-бүлөдө 5 жан болсок, баарыбыз тең майыппыз. Балдарымдын тагдырын ойлой берип кан басымым көтөрүлө турган болуп калды. Экинчи жубайым балдарымды өз баласындай кылып карайт. Быйыл анын сол көзү начарлап, оң көзү да жакшы көрбөй баратат. Ал дагы 2-топтогу майып болуп калды», – деди ал.
Сулайманкул Калыков 2 баласына 6 миң сом пенсия алат. Бул каражат балдарынын дары-дармегине да жетпей калат. Райондогу ооруканадан 80 чакырым алыстыкта жашагандыктан өкмөткө райондун борборунан жер сурап кайрылган. Бирок, жарытылуу жооп алган эмес.
«Балдарымдын ар бирине быйыл 400 кг көмүр берилди. 2 уулума 6 миң сом жөлөк пул алам. Ал эч нерсеге жетпейт. Балдарым оорусу кармаганда титиреп жатып калат. Айла жок 80 км жол басып ооруканага алып барам. Жашоого болгон кызыгуу деле калбай бара жатат. Бирок мен балдарым үчүн жашап келем. Эгер мен өлүп калсам буларды ким багат?
Райондогу ооруканага жакын жерден жер берүүнү суранып акимге чейин кайрылдым. Бирок, эч кандай майнап чыккан жок. Жер берип калса үй куруп, балдарымды убагында дарылатып турмакмын», – деди атасы.
Ата балдары үчүн баарына даяр. Алар кайгырса кайгырып, ыйласа ыйлап, жашоосу уланып жатат. Тапкан акчасын балдарына сарптап күн кечирүүдө. Алыскы Өзгөн районунун Көлдүк айылында биринчи жардам көрсөтүүчү дарыгерлер тобу да жок.
С.Калыков элден жардам күтөт. Жардам берүүнү каалагандар 0778 358 460 номуру аркылуу байланышса болот.
Сулайманкул мырзаны айылдаштары Шабан деп чакырышат.

Turmush 

06.10.2016


http://www.turmush.kg/news:312350?from=portal&place=imp-turmush-kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*