Кечээ, 26-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы Т.Тыныбеков атындагы филармонияда Бекназар Орозалиев менен Абудрауф Шох «Тал чыбык минип ойногон балалык доорун сүрбөдүм» деген аталышта жеке концертин өткөрдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Мүмкүнчүлүгү чектелсе да чыгармачылыкка кызыккан балдардын концертине келген эл залдын 70%ын ээледи. Балдардын концерти Сузактагы «Асыл-Ай» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коомунун уюштуруусу, «Бек-Ата капитал инвест» ЖЧКнын колдоосу менен өткөрүлдү.
Концерттик программага Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Жоробеков, УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокоев күбө болуп, чыгармачылык ийгилик каалашты. Ошондой эле, Багыш айыл аймагынан келген жеке ишкерлер белектерин тапшырды.
Көрүүчүлөргө Абдурауф Шох өзбек тилиндеги өз ырларын тартууласа, тоо башында жашаса да компьютерден ыр терип, өзү текст жазып, чыгармачылыгын өстүрүп жаткан Бекназар Орозалиев реп стилиндеги ырларын окуду.
Ошондой эле, белгилүү ырчы Г.Мамаева менен Э.Кушбаков да өз ырларын тартуулашты.
«Асыл ай» коомунун жетекчиси Жумакан Жаркулова концерт мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоого болгон кызыгуусун арттыруу, аларга күч-кубат берүү, таланттууларды эл алдына алып чыгуу максатын көздөй турганын кошумчалады. Таланттар эми башка аймактарга да концерттик программаларын тартуулоону көздөп жатышат.
Turmush
27.09.2016
http://www.turmush.kg/news:311682/?from=kg_turmush&place=newstopcomm
Leave a Reply