Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кесиптик билим берилип, иш менен камсыздалат

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кесиптик-техникалык билим берүү демилгеленүүдө. Бул тууралуу талкуу жүргөн тегерек столго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери, Ош облусундагы 4 көмөкчү мектептин жана 3 кесиптик лицейдин мугалимдери катышты.
Анын жүрүшүндө «Благодать» коомдук бирикмесинин жетекчиси Рахат Шакирова психикалык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен балдарга кесиптик билим берүү менен байланышкан кырдаал жөнүндө маалымат берди. Балдардын абалын терең изилдөөнүн натыйжасында алардын муктаждыгын аныктап, мамлекеттик органдарга кайрылуу аркылуу чечүүгө боло тургандыгын кошумчалады. Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга атайын программаларды иштеп чыгуу зарыл.
Алгач Ош облусунда мүмкүнчүлүгү чектелген 24 баланы кесипке үйрөтүү пландалып жатат.
«Биз 24 баланы тарбиялап гана эмес, кийим тигүү, жыгач же кийиз менен иштөөнү үйрөтүп, иш менен камсыздоону дагы пландап жатабыз», – деди Р.Шакирова.
Талкуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз кызматташуу зарылдыгы боюнча бир пикирге келип, тиешелүү меморандум кабыл алынды.

Turmush 

29.09.2016

http://osh.turmush.kg/news:311810/?from=kg_turmush&place=newstoplast

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*