Бишкекте карылар үйүнүн жанына калтырылып кеткен кемпирди саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөлгө алды

Бишкекте карылар үйүнүн жанына калтырылып кеткен кемпирди саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөлгө алды.

 Ведомстводон билдиришкендей, кары адамдын баш мээси чайкалып, бир нече жарааттар катталды. Ал сүйлөй албагандыктан, аты-жөнүн тактоо кыйынга турууда. Эске салсак, белгисиз адамдар Күрөнкеев көчөсүндөгү карылар үйүнүн алдында болжол менен 80 жаштагы орус улутундагы байбичени таштап кеткен. Бул тууралуу маалымат 24-сентябрда таркаган.

26.09.2016

http://novosti.kg/kg/bishkekte-karylar-j-n-n-zhanyna-kaltyrylyp-ketken-kempirdi-salamattykty-saktoo-ministrligi-k-z-m-lg-aldy/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*