Кечээ, 16-августта Баткен шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга майыптар арабасы тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери эмгектин ардагери, 1-топтогу майып Зайтуна Салимовага, Таштанова Жумагүлгө жана башка 2 жашоочуга арабаларды тапшырды.
Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Эрмамат уулу Алмазбектин айтымында, арабалар Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан берилди.
Turmush
17.08.2016
http://barakelde.turmush.kg/news:308979/?from=kg_turmush&place=rightgall
Leave a Reply