Бакай-Ата районунда 10 жылдык салтанаттын ордуна эки балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялга үй куруп беришти

Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылында Кушубек Султаналиев атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү эки балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялга үй куруп беришти. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта мектеп бүтүрүүчүсү Эрмек Атабеков билдирди.

“Мектепти бүткөнүбүзгө 10 жыл болуп, салтанатты белгилөө аракетин көрүп калдык. Арабыздан балдар маселе коюп, оюбузду ортого салдык. Жыйынтыгында 11 бала чогулуп, 10 жылдыкка деген каражатка айылыбыздагы 2 балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялга үй салып бердик”, -дейт Атабеков.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерине жалпы 150 миң сом жумшалган. Бүтүрүүчүлөр мындай кайрымдуулук иштерди бизден кийинкилер да улантышса деген тилекте. Аталган кайрымдуулук ишин Кушубек Султаналиев атындагы мектепти 2006-жылы бүтүргөн 1988-жылы туулган балдар жасашкан.

“Куруу иштерин 11 бала өзүбүз аткардык. Арабызда куруучу адистигине ээ болгондор бар. 3 ай аралыгында салып бүттүк. Үйдүн ачкычын тапшырууга райондун акимин, айыл өкмөт башчысын жана айыл аксакалдарын чакырганбыз. 6-август күнү үйдүн кызыл тасмасын кесип, ээсине ачкычын тапшырабыз”, – деп кошумчалады бүтүрүүчү Эрмек Атабеков.

Автор: Акназар Сулайманкулов
Фото: Эрмек Атабеков
04-08-2016
http://www.super.kg/kabar/news/155953/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*