КМДБ 60 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга 2016-жылдагы фитир-садакадан 228 миң сом тараты

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына Рамазан айында жеке адамдардан 190 арыз келип түшкөн. Учурда арыздарды КМДБнын атайын комиссиясы карап чыгып, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша  фитир-садакадан жардамдарды берүүдө. Учурда 60 мүмкүнчүлүгү чектелген  жаранга КМДБ 228 миң сомдук акча каражатын таратты.

«Рамазан айында келип түшкөн арыздардын ичинде майыптар, оор операциядан чыккандар жана жетим-жесирлер бар. Көпчүлүгү майып бир туугандарыбыздан келип түшкөн. Ар бирине муктаждыктарына жараша комиссиянын негизинде фитир-садака таратылууда»,-деди КМДБнын иш башкармалыгынын башчысы Алимбай Эргешов.

Бүгүнкү күнгө чейин болжолдуу түрдө Кыргызстан боюнча 31 млн фитир-садака чоогултулган. Чогулган фитир-садакалардын бардыгы муктаждарга, майыптар менен оорулууларга, жетим-жесирлерге толугу менен таратылууда.

Бишкек, 29-июль /muftiyat.kg/ 

http://muftiyat.kg/ky/news/kmdb-60-mumkunchulugu-chektelgen-zharanga-2016-zhyldagy-fitir-sadakadan-228-min-som-taraty

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*