«Алга Нарын» коомдук жаштар бирикмеси ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын көрсөтүп баштады.
Бирикменин өкүлү Ажыбай уулу Жафар билдиргендей, «Алга Нарын» коомдук жаштар бирикмеси 2016-жылдын май айында Нарын шаарында ачылган. Бирикменин максаты – Нарындын жаштарын ынтымакка чакыруу менен ар тараптан колдоо көрсөтүү.
«Биздин бирикме башка коомдук бирикмелер менен активдүү иштешип жатат. “Күн Чырак” кайрымдуулук фонду менен Балдар күнүнө карата оюн-зоок кечелерин уюштурдук. Учурда Нарын шаарынын РТС аймагында 1-топтогу майып эжеге колдоо көрсөтүп, үй куруп жатабыз. Азыр үйдүн пайдубалы тургузулуп жатат.
Жазында Нарын облусунун жетекчилиги менен биргеликте “Салкын-Төр” улуттук эс алуу паркын оңдоп-түзөө иштерин жүргүздүк. Оңдоп-түзөө иштерине 60 миң сом сарпталды.
Учурда РТС аймагында “Алга Нарын” аталышындагы паркты куруу аракеттери көрүлүп жатат. Ага жалпы жонунан 170 миң сом жумушалды», – деди Ж.Ажыбай уулу.
Учурда коомдук бирикмени Төлебаев Коңушбек жетектеп турат.
Turmush
25.07.2016
http://www.turmush.kg/news:305766
Leave a Reply