Фото: «Тилектештик автобусу» аттуу кызмат иштеп баштады

Профессионалдуу юристтер биригип, жер-жерлерге барып юридикалык консультация беришет.

Алар доомат, укук коргоо, мурасты жасалгалоо, алимент, үй-бүлөлүк жана талаш жараткан маселер боюнча кеңештерин берет.

Демилгенин негизги максаты — элдин мыйзамдык кызыкчылыктарына жардам берип, укуктарын коргоо.

Сыртка чыгып маалымат берүү демилгеси «Элдин укуктук маданиятын көтөрүү» алкагында өтүп жатат. Азырынча бул кызмат Ош жана Чүй облустарында жашаган тургундары үчүн көрсөтүлөт.

Келечекте Кыргызстандын бардык жерлеринде орун алат.

Бүгүн Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында «Тилектештик автобусу» кызматынын алгачкы иши башталды.

Автор: Нуркыз Маматова

22-Jul 2016

http://saat.kg/2016/tilekteshtik-avtobus-attuu-kyzmat-ishtep-bashtady/

 

 

 

 

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*