Нарын шаарындагы «Кадам» реабилитациялык борборунда тарбияланган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектеп окуучулары менен биргеликте жаратылышта эс алышты. Бул тууралуу борбордун директору Шарапат Актанова кабарлады.
Анын айтымында, жылына ушундай иш-чаралар уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көңүл бурулат.
«Алар жаратылышта эс алууну жакшы көрүшөт. Балдар ата-энелеринин катышуусунда сүрөт жана ыр боюнча сынактарга катышып, байгелерге да ээ болушту», – деди ал.
Turmush
15.07.2016
http://barakelde.turmush.kg/news:304489
Leave a Reply