Дариха Ишанованын кыргыз жигиттерине кайрылуусу: «Кыргыз качан кыздарына бөлөк улуттан “айгыр салып” тукум алды эле?»

Жалпы Кыргыздын Эркектерине

Кайрылуу

Урматтуу Кыргыз жигиттер!

Мен Кыргызстанда туулуп өскөнмүн. Менин сиздерге кайрылуума Кыргыз кыздарынын бүгүнкү жашоо абалы себеп болду. СССРдин учурундагы Кыргызстандын жашоо шартын эстеп, аргасыз суктанам.
Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон бери карапайым кыргыз эли жарытылуу турмушта жашабады. Биздин ата-энелерибиз башы менен жер казып, колу туурулганча иштеп да эч кандай ийгиликке жетпеди. Биздин балалыгыбыз өмүр бою ата-энелерибизди жол карап күтүү менен, сагынуу менен өттү. Алар жумушсуздуктан өз мекенин аргасыз таштап, дүйнө кезип бөтөн элге кул, күң болуп, алардын ажатканаларын тазалап, көчө шыпырып иштеп келишти. Казактардын маданият министри чындыкты айтты. Биз чын айтылгын сөзгө чычалап, куру намыстанымыш болуп коюп жүрөбүз. Көзүбүз менен көрүп турган ишке кайдигер карап отурабыз. Чындыгында кыргыз кыздарынын абалы абдан оор шартка кабылды! Менин балдарым да меникиндей армандуу тагдырга дуушар болушун мен каалабайм!..
Биздин муун бой жетип, алгач студенттик чөйрөгө, андан соң жалпы коомчулукка аралашкандан бери мен жогорку кызматта иштеген адамдардын ушунчалык булганыч, эки жуздүү экенин көрүп ирээнжип Россиянын Екатеринбург шаарына жумуш издеп кетип калгам. Россияга барсам Россиянын шаарларында мени менен жашташ, бир топ кичүү кыздар абдан көп экен. Алардын күнүмдүк турмуш шарты менен жакындан таанышып көкүрөгүм муңга толуп, көз жашыма ээ боло албай ыйладым. Мөлтүрөгөн кыргыздын алмончоктой кыздары бөтөн элде кор болуп жүрөт. Абийирин сактаган намыстуулары көчө шыпырып, кафелерде идиш-аяк жууп, ажатканаларды тазалап, орустун баспай калган абышка-кемпирлерин багып, бок-жинин тазалап, ал кызматы үчүн арзыбаган эмгек акы алып, ал акчасын ичпей-жебей Кыргызстанда жумушсуз жүргөн эне-атасына, бир тууганларына салып күн кечирип келүүдө.
“Улуу сөздө уят жок”,-дегендей көпчүлүгү Россиядагы башка улуттарга аргасыз денесин сатып, жан-дүйнөсүн тебелетип, кор болуп, бөтөн улуттун эркектери менен ойноштук кылып акча таап, алар да ошол акчаларын Кыргызстанда калган ата-энелерине, бир туугандарына салып күн кечирип келүүдө. Канткенде да алар менин курбу кыздарым. Эртең кыргызга эне болчу “Айчүрөктөр”! Эч бир доордо кыргыздын кыздары бүгүнкүдөй кор болгон эмес! Кыргыз Эли кыздарын көздүн карегиндей сактап келгенин тарых барактарынан жакшы билебиз. Кыргыз качан кыздарын бөлөк улутка тебелеткен? Кыргыз качан кыздарына бөлөк улуттан “айгыр салып” тукум алган? Кыргыз качан кыздарын бөтөн элге күң кылып кийирип берген? Кыргыз качан кыздарын бөтөн элдин ажатканаларын тазалатып иштетип, анын тапкан нанын жеп,тузун ичкен? Кайсы доордо кыргыздын кыздары акыркы 25 жыл аралыгындагыдай кор болгон? Бул суроого ким жооп берет?А. Атамбаев баш болгон мамлекеттик чиновниктер Туркиядан, Кытайдан, Бириккен арап өлкөлөрүнөн бизнесмен түрктөрдү, кытайларды, араптарды (ж. б.) алып келип алардын бизнесин калкалап, эркелетип жүрүп, аягында аларга өзүбүз ээ боло албай калдык. Бүгүн Бишкекте, Кыргызстандын борбор шаарында Кыргыздар түрктөргө, кытайларга, дагы башка улуттарга кул, күң болуп жүрөт!
Россиядагы кыргыз кыздарынын көз-жашын, азап-кайгысын, арман-зарын көкүрөгүмө батыра албай, жүрөгүмдү зил басып Кыргызстандагы курбу кыздарымын ал-ахыбалын сурасам, Бишкектеги түрктөрдүн, кытайлардын, уйгурлардын, корейлердин, дунгандардын кафе-ресторандарынын, соода борборлорунун баарында кыргыздын жап-жаш кыздары күң болуп буту-колу үзүлгөнчө чуркап кызмат кылууда! Дагы да тереңирээк карап көрсөк, башка улуттун эркектерине ойнош болуп, 2-3-4-аял болуп никесиз турмушка чыгып, алардан төрөп, кыргыздын кыздары бөтөн улутка эне болуп, өз үйүндө, атасынын төрүндө башка улуттан никесиз төрөп, алардын балдарын багып, тарбиялап, чоңойтуп отурганын угуп, интернет булактарынан көрүп өлгүм келди. Чындыгында менин мындай турмушта жашагым келбей калды! Кыргыздын намыстуу эр-азаматтары тирүү барсыңарбы?! Бүгүнкү кыргыздын кыздары, эртеңки кыргыздын энелери экенин билесиңерби силер кыргыздын намыска бек жигиттери?!
Кавказдыктардын бир кызына Кытай, Түрк, Арап же дагы башка улуттун эркектери “айгыр” болгонду мындай кой, тийишип бир сөз айта албайт го! Анткени, алардын жигиттери андайга жол бербейт! Кыздарын көздүн карегиндей коргойт. Чубак ажы баш болгон кыргыздын дин аалымдары, жума намаздарда мечиттерге батпай намаз окуган кыргыздын жалындай ыймандуу жаш жигиттери, өз энеңерди, эже-карындаштарыңарды, кыздарыңарды коргой албай, жигиттик ар-намысыңарды жоготкондон кийин Аллахка жалбарып намаз окуунун канчалык зарылчылыгы калат?! Келгиле Кудай алдында ачык айткыла, эгерде силер бизди коргой албасаңар, анда намыстуу кыргыз кыздары биригип, Кыргыз Элинин уюткусу болгон кыргыз кыздарын — өзүбүздү-өзүбүз коргойбуз. Шымыңарды эртеңки кыргыздын энеси болчу кыздарыңарга, эже-карындаштарыңарга, аялдарыңарга чечип берип, кыздарыңар, эже-карындаштарыңар, аялдарыңар кор болуп, “тебеленип” жүрүп таап келген арам акчаны жеп, алардын юбкаларын кийип үйүңөрдө жата бергиле! Россияда арстан, жолборс сыяктуу жырткыч жаныбарларды сактап калуу боюнча атайын уюмдар түзүлүп, “жырткыч жаныбарларды кантип тукум куруттан сактап калабыз”? — деген конференцияларды өткөрүп, сарсанаа болуп жатышат. Биз кыргыздар Кыргыз улутунун ЭНЕСИН кантип сактап калууну дале ойлоно элекпиз!
Урматтуу Кыргыз жигиттер!
Кыргызстанда бүгүн саясий элита калган жок! Кыргыз Элинин жүгүн тартчу мүйүздөй болгон башчылары кана кимдер? Ак-караны ылгабай сүйлөп Кыргыз Элин дүйнө коомчулугуна уят кылган Алмазбек Атамбаевби? Же элдир-селдир кеп айткан, кирди-чыкты эси бар бир тууган Жээнбековдорбу? Же тегирмен түп жыйнаган Телибайдай Чыныбай Турсунбековбу?! Булардын кимисин кошуна мамлекеттердин жетекчилери теңине алат?! Б. Обама менен В. Путинди мындай кой, булардын деңгээли Н. Назарбаев, И. Каримов, Э. Рахмон менен тең ата сүйлөшүүгө жетеби? Талаастанга (шыйпаңга) кароолчу койбой турган адамдар го булар! Ал эми ушуларды адам деп ээрчип жүргөн бейдаарат майда чиновниктер аман эле болсун! Бүгүнкү Кыргызстандын саясий элитасы жалаң билимсиз, улуттун келечегин ойлобогон соодагер, көрпенделерден жыйналып алды! Акча үчүн элин, жерин, Мекенин, Энесин кошуп саткан ач көз арам тамак эркектаналар Кыргызстанды менчиктеп, ээлеп алышты. Биз булардан, булар түзгөн сүткор системадан тазаланбасак, эч качан кыргыз кыздарынын, энелердин көз жашы тыйылбайт. Эч качан Кыргыз Эли бактылуу турмушка жетпейт! Алардын ар-биринин максаты Президент болуп, мамлекеттин, Кыргыз Элинин байлыгын чет өлкөгө сатып менчиктештирүү ! Ошондуктан, ошол элита сөрөйлөр Президенттик бир орунга талапкерлигин жүзү бир көрсөтүп, дүйнө жүзүнө Кыргыз Элин уят кылып жатышат!
Бир ууч топ бийлик талашып жүрүп Кыргызстанды, Кыргыз Улутун жок болуп кетүү кокунучуна алып келип койду. Биз түндүк-түштүк болуп бөлүнүп, түшүнүксүз себептер менен бириге албай жатканыбызда, миңдеген кыргыз кыздарыбыз эч уялбай атасынын төрүндө башка улуттардан никесиз төрөп, башка улутка эне болуп, аларды чоңойтуп жатат. Бишкекте намыссыз Кыргыз жигиттер, Кыргыз кыздарды автоунааларына салып алып сауналарга, мейманканаларга алып барып башка улуттарга бир түнгө сатып , акча таап, үй-бүлөө багып жүрөт! Чындык баарынан жогору турат! Эгерде мен калп айтсам, анда мени Ала-Тоонун топурагы-тузу урсун! Эч качан жакшылык көрбөй калайын! Ал эми, жок жерден мени күнөөлөп, бийликке кошамат айтып, чындыкка каршы чыккандардын тукуму жакшылык көрбөй, энелердин көз жашы, жетимдин ыйы, жесирдин муңу урсун! Мен кыргыз жигитке турмушка чыгып, кыргыз бала төрөп, кыргызга ЭНЕ болгум келет! Мейли 2-3-4-аял болуп тийсем да намыстуу кыргыз жигити болсо ошол менин бактым! Чындык-деген сөздө, адеп ахлак да, ыйман да, улуулук да катылган. Ошондуктан чындыктын көзүнө эч ким тике карай албайт! Биз чындыкты айта албасак Кыргызстанды менчиктеп ээлеп алган акча үчүн элин, жерин, мекенин, энесин саткан ач көз арам тамак эркектаналар аз күндө Кыргыз Элин да сатып жиберет!
А. Акаев менен К. Бакиевди жээрип кетирип, бүгүн андан жаман азаптуу турмушка кабылып отурабыз! Келгиле жалпы Кыргыз Эли мамлекетибиздин келечегине кайдигер карабайлы! Ар бирибиз мекенчил (патриот) болуп, Улутубузду сактап калалы! Кыргыз Элин Америка да, Россия да сактап калбайт. Аларга Кыргыз Элинин кереги жок! Кыргыз Элин-Кыргыз Эли өзү, Кыргыздын Энелери гана сактап кала алат! Ошондуктан энелерибизди сактайлы! Сатылбаган эмнебиз калды? Башка улуттарга эртеңки энебиз болгон кыздарыбыз, элибиз, жерибиз, кен-байлыктарыбыз, жарандыгыбыз, паспортторубуз четинен сатылып кетип жатат! Өз үйүбүздө түрктөргө, кытайларга, дагы башка улуттарга кул, күң болуп жүрөбүз. Кыргызстанды ээлеп алган саясий элита сөрөйлөргө акча эле болсо болду! Алар Кыргыз Элин да, жерин да акчага сатып жиберерин бир нече жолу иш жүзүндө далилдеди! Өткөн бийлик өкүлдөрү “Үзөңгү-Кууш” менен “Каркыраны” сатып жиберсе, азыркы бийлик “Баракты”, “Уңгар-Тоону” эли менен кошуп Өзбекстанга сатып ийип унчукпай отурат!
Төрөлгөндөн өлгөнгө чейин биз ушул ач-көз, акча үчүн энесин саткан абийирсиздерди багып келе жатабыз. Энелерибиз боюна бүткөн күндөн баштап, ичиндеги түйүлдүккө акча төлөп даарыланат! Андан кийин бала-бакча, мектеп, жогорку окуу жайларда, базарларда, мекеме-ишканаларда да ушул эле ач-көз, акча үчүн энесин саткан абийирсиздердин жакындары жетекчи болуп элдин канын соруп отурат! Өзүбүздүн жеке менчик үйлөрүбүзгө, мал-жаныбызга, дем алаган абадан башка баардык нерсеге салык төлөп келебиз. Ооруканаларда оорулулардын азап-кайгысынан да булар акча жасап жатышат! Булар мыйзамсыз иштеп жатса, биз карапайым эл Адахан Мадумаровго окшогон “куу чечендерди” ээрчип мыйзам чегинен чыкпай, буларга кул-күң болуп кордук менен күн кечиришибиз керекпи?
Дүнүйөсүнүн эсебин билбеген Аскар Салымбеков, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Тайырбек Сарпашев, Өмүрбек Бабанов, Чыныбай Турсунбеков, Асилбек Жээнбеков, Райим Матраимов, Сүйүн Өмүрзаков, Иса Өмүркулов, Бакыт Төрөбаев, Канат Исаев, Икрамжан Илмияновго окшогон миңдеген ач көздөр андай чексиз байлыкты кайдан, кантип жыйнады?! Алар Кыргыз Эли үчүн, улут үчүн эмне кылып берет?! Алардын байлыгынан мага жетимдин ыйы, жесирдин муңу угулуп жатат! Алар жеке менчик банктарынан элдерге үстөк пайыздык төлөмдөр менен карыз акча беришип, бүтүндөй Кыргыз Элин карызга батырышты! Пайыздык үстөк акчасы менен алардын менчик банктарынан алган карызын төлөй албай канча адамдар үй-жайынан ажырап, өз жанын кыйган учурлар да жок эмес. Көпчүлүк эл өмүр бою карыз менен жашап өтүп кетүүдө! Булар түзгөн мамлекеттик системаны түп орду менен жок кылбасак, Кыргыз Эли кулдуктан кутулбайбыз!
Аял-эркек-дебей, мени колдогон кыргыздын жалын жүрөк жаштары, акылга дыйкан аксакалдары, ак элечек энелери үн кошкула! Келгиле биригели! Журт башына татыктуу инсанды көтөрүп чыгалы. Кыргыз Эли кулдун тукуму эмес го! Чындык баарынан улуу. Биз чындыкты туу тутуп бириксек, анда бизге эч ким каршы чыга албайт! Биз бийлик үчүн эмес, улуттун келечеги үчүн биригебиз! “Эшекке килем жапсаң да, эшек эшек боюнча калат” — деп Улуу Кыргыз урпактарына насыйкат айтып кеткен. Бир топ “эшекке” 25 жыл килем жаап тулпар кыла албадык. “Баатырды мезгил жаратат”-деген. Элдин камын ойлогон Эр-Азаматтар барсыңарбы?! Дүйнө жүзү боюнча кор болгон кыргыз кыздары, өзүнөрдү-өзүңөр коргобосоңор, бүгүн силерди эч ким колдобойт! Ар бир кыргыз, кыргыз кызына өз апасына мамиле жасагандай мамиле жасаганда гана Кыргыз Эли оңолот! Инновациялык техника гүлдөп өнүккөн XXI кылымда бир идеянын айланасында ак ниеттүүлүк менен биригип, байланышып, улуу иштерди жүргүзө албасак, анда биздин эмнебиз улут?! Келгиле Кыргыздын Кыз-Сайкалдары, Жаңылмырзалары ЭНЕЛЕРди-Кыргыз Улутунун уңгусу болгон кыздарыбызды сактап калалы!!! Наамыска бек Кыргыздын Эр-Азаматтары болсо ынтымак менен биригип бизди колдоор…

Кыргыз Элиме Улуу урматым менен, Дариха Ишанова

Июнь 16, 2016

http://kyrgyztoday.kg/?p=10489

2 Comments

  1. Assalamu aleikum Dariha.Men okup chyktym sen jazgandardybary tushunuktu.aitkan sozdor tura.Biz dua kylaily jer juzundogu bardyk musulmandarga jana sen aityp ketken Kyrgyz jigitterine jana aialdarga.OSHOL TURA BOLOT RUSTAM.0552247778

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*