Балыкчыда «Бардык балдар бирдей» долбоорунун алкагында майып балдар ийримдерге катышат (фото)

253897_g253898_g253899_g253900_g253901_g253902_g253903_g253904_g253905_g

Балыкчы шаарындагы «Балдар» билим борборунда 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Бардык балдар бирдей» долбоору ишке киришти, деп билдирди Turmushбасылмасынын кабарчысы.

Аталган долбоор «Адамзатка жардам» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен ишке ашууда.

ЮНЕСКОнун клубу болгон билим борборунда долбоордун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жашка чейинки 30 бала ыр, бий, сүрөт тартуу ийримдерине катышып, логопеддин жардамын алат жана атайын дене тарбия көнүгүүлөрүн жасашат.

Ата-энелер балдарынын борборго келгенден баштап көңүлдөрү ачылып, бир нерсе жасоого аракеттенип калгандыктарын айтып, ыраазы болууда.

Turmush

24.05.2016

http://www.turmush.kg/news:296383

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*