Ошто эки журналистти Кара-Суунун тургуну бир тараптуу чагылдыргандыгы учун сотко берди

«Ош шамы» гезитинин жана «Ынтымак» телерадиокомпаниясынын журналисттери өткөнжылы «Таеке жээндин үй талашы» аталышындагы материал даярдашкан, анда аталышы айтып тургандай эле туугандардын үй талашы чагылдырылган. Араздашып жаткандардын бири ЖМК өкүлдөрүнсотко бир тараптуу чагылдыргандыгына айыптап сотко берүүдө, бирок журналисттердин айтымында ал тарап өзүкомментарий берүүдөнбаш тарткан жана материалдарда баардык стандарттар сакталган.

Оштун Кара-Суу районунун тургуну «Ош шамы» басылмасынын жана «Ынтымак» телерадио компаниясынын журналисттерин бир тараптуу маалымат берип, адамдык кадыр-баркыма шек келтирди деп 500 миң сом доо коюп сотко берди. Сот отуруму журналисттердин жактоочусу АйгүлМатиеванын өтүнүчүменен 25-январга жылдырылды.

Материалдар өткөнжылдын август айында гезитке чыгып жана телевидениядан көрсөтүлгөн.

«Жолдошунан ажыраган 3 балалуу жесир келин, күйөсүнүн таякеси алардын жашап жана өздөрү жаңылап курган үйүн талашып жаткандыгын айтып арызданган. Биз окуяны иликтеп жатып экинчи тарап, тагыраак айтканда, Абдураим Аманбаевге да чалганыбызда ал бул боюнча эч кандай комментарий бере албастыгын айткан. Макалада юристтин кеңеши да берилген» – деди «Ош шамы» гезитинин кабарчысы Элира Чынтемир кызы.

Доо коюлуп жаткан тарап интервью берүүдөн баш тартты, анын жактоочусу адамдын кадыр-баркына шек келтирген маалымат болгон үчүн сотко берип жаткандыгын гана айтып, копчулук журналисттердин өтүнүчүнөкарабастан корголуучусун комментарий бердиртпеди. «Сот отуруму болгондо гана келип өзүңөргөзарыл маалыматты аласыңар»,- деп гана кошумчалады атын атагысы келбеген Аманбаевдин жактоочусу.

«Ынтымак» телерадио компаниясынын жетекчиси Данияр Садиев эфирден чыккан материалдарды азыр бир канча медиа уюмдарга экспертизага беришкенин айтты.

«Материалда баардык тараптарга ой пикирин билдирууго мүмкүнчүлүкбирдей берилген, биздин кабарчы доо менен сотко берип жаткан Абдураим Аманбаевге телефон чалышкан, ал ӨЗҮкомментарий бербестигин айткан,бизде ал сүйлөшүүнүнжазуусубар», – дейтайыпталып жаткан журналисттердин бири Чынтемир кызы.

«Ош шамы» басылмасынын журналистинин жактоочусу Замирбек Адигинеев моралдык зыян боюнча келтирилген негиздемелер ынанымдуу болбой жатканын белгиледи.

«Моралдык зыян тартуу КРнын жарандык кодексинин 127-128-17-беренелеринде көрсөтүлгөн. Эгерде ошол инсандын беделине, намысына шек келтирсе моралдык зыян болот. Бул жердеги материалдарда андай жагдай жок. Маселен, «жаман адам», «карындашын алдады» деген сыяктуу намысына шек келтирүүлөр жок», – дейт Замирбек Адигинеев.

Журналисттердин чагылдырылган материалдарына доо коюп сотко берген учурлар көп кездешет. Ош шаардык сотунда буга чейин да ушундай даттануулар менен соттук териштирүүлөр болгон. Журналисттердин кесиптик кошуунунун Оштогу өкүлүЖылдыз Бекбаева көбүнчөтуугандар ортосундагы мүлк талаш, укуктук маселелерди чагылдырууда эки ортодо журналисттер жапа чегип калган учурлар аз эмес экенин айтууда.

Андыктан көпчүлүкучурда жеке чырларды чагылдыруудан журналисттер баш тартууга туура келет, бирок бул жакшы жагдайга алып барбайт. Анткени практика көрсөткөндөйкөпчүлүкмаселелер коомдук резонанска кабылганда оңуна чечилген фактылар көп.

«Туугандар ортосундагы мүлк талаш маселелеринде алар укук коргоо органдарынан түңүлгөнүнөн, журналисттерге даттанышат. Бирок мындай чырларды чагылдырган журналисттер өздөрүкайра муш жеп калып жатышат. Бул сотко жеткен бир учур. Мындан башка да журналисттерди ур токмокко алып, коркутуп үркүткөн,опузалап акча талап кылган фактылары катталып келе жатат. Аймакта журналисттердин укугун коргогон уюмдар аз болгону да кейиштүү,ошон үчүнбиз экспертизаларды Бишкекке жөнөтүүгөтуура келүүдө», -дейт Бекбаева.

Коомдо журналисттер ушак айын, далилсиз материалдар менен адамдардын беделине шек келтирди деген кептер көп, көбүнчөатактуу саясатчы, же аткаминеерлер жөнүндөматериалдар «имиш» деген сөздүкошуп чыгып жатканы көп айтылат, бирок жеке жарандар журналисттер менен соттошкону сейрек кездешет.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Жанна Аскарова, Азаттык үнү, Ош,
http://vof.kg/?p=29635&lang=kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*