112 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган

Ноокат районунун прокурорунун жардамчысы, кенже юрист Жазгул Бактыбекованын берген маалыматына караганда 2015-жылдын 10 айынын ичинде райондун аймагында жалпысынан 112 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталган. Алардын ичинен 5 факты жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зомбулук болуп эсептелет. Мында райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсү тарабынан 7 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүп, тийиштүү юридикалык баа берилип, чечимдер кабыл алынган. Ал эми калган 105 факты боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү токтомдор кабыл алынагн.Жабырлануучуларга убактылуу коргоо ордерлери берилген. Жогорудагы фактылардын ичинен 83 жабырлануучу ( алардын үчөөсү жаш өспүрүмдөр) аймактык ооруканга медициналык жардам алуу үчүн кайрылышкан

«ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАНДАР НЕГИЗИНЕН АЯЛДАР»

Прокурордун жардамчысы, кенже юрист Жазгул Бактыбекова үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун күн сайын өсүп баратышына бир нече факторлор себеп болуп жаткандыгын кошумчалайт:

– Үй-бүлөдөгү чыр-чатактын негизиги келип чыгышына жумушсуздук, жетишпестик анан эң башкысы жарандар анын ичинде аялдардын өз укугун билбегендиги да себеп болууда. Жогорудагы фактылардын дээрлик бардыгында жаш кыз-келиндер, аялдар зомбулукка кабылышкан. Буга «колу-кошуна, дос-душман укса уят, » дегендей менталитет да таасир берүүдө. Анын айынан күйөөсүнөн келтек жеген көпчүлүк аялдар эч убакта милицияга кайрылышпайт. Сөз башында мисал тарткан фактылардын 80% жакыны аймактык ооруканга медициналык жардам алуу үчүн кайрылганда катталган. Кээ бирөөлөрү укук коргоо органдарына арыз жазышканы менен балдарынын келечегин ойлоп, кайра алган учурларда көп кездешет. Биз эл менен болгон жыйындарда , массалык маалымат каражаттары аркылуу да ушул маселе дегеле зордук-зомбулуктун алдын алуу туралуу түшүнүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.

«ЭРТЕ ТУРМУШКА ЧЫГУУ КАДИМКИДЕЙ КӨРҮНҮШКӨ АЙЛАНУУДА»

Ал эми Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Пайизова болсо бул маселе боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

– Бизге негизинен аялдар мамлекеттик сыйлыктарды же болбосо Баатыр эне күбөлүгүн алуу сыяктуу документ иштери менен көп кайрылышат. Зомбулукка кабылдым деп арыздангандар дээрлик жокко эссе. Бирок, ага карабай калк арасында бул маселе өтө курч. Аялдардын укугунун дискирминацияланышына эн биринчи билимсиздик себеп болууда. Соңку мезгилдери өзбек улутундагы кыздарды эрте турмушка берүү тенденциясы аябай күч алды. А тургай бул кадимкидей көрүнүшкө айланып баратат. Физиологиялык, психологиялык жактан жакшы жетиле элек, мектепти эми бүткөн жаш кыздардын турмушка чыгары менен кайненелердин, абысындардын, күйөөлөрүнүн басмырлоосуна кабылган учурлар көп кездешет. Бирок алар укук коргоо органдарына кайрылуу жараянын жакшы билишпейт. Милицияга арызданууну айрым үй-бүлөлөр уят көрүшөт. Анын айынан оорукчан болуп калганын жаш келиндер, ажырашып жаткандар, көбөйүп баратканын кайда жашырабыз. Бүгүн бул маслеге маани бербегенибиз менен анын артында тирүүлөй жетим же оорукчан балдар көбөйөөрүн унутпообуз зарыл. Жеке баамымда биздин районго дискрминацияга кабылган аялдарга укутук жактан жардам берүү борборун ачуу зарыл болуп турат. Булл маслени бир кыйла жеңилдетет.

«ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАН АЯЛДАР КЭЭДЕ ӨЗДӨРҮ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫШАТ»

Аялдардын укугуну кордолушу туурасында серепчи, «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун жетекчиси Гулсана Абытова болсо төмөнкүлөргө токтолду:

-Бүгүн жыйырма биринчи кылымда жашап жатканыбызга карабай айрым аймактагы аялдарыбыз ойломдорунда дале баягы күйөөнүн дегеле кайын журтунун «оту менен кирип күлү менен чыгуу керек» дегендей психология үстөмдүүлүк кылат. Биз буга жеке тажрыйбабызда өтө көп күбө болдук. Кээ бир айылдарга долбоор даярдоо дагы ушул сыяктуу тренингдери өткөрүп келебиз. Ошондо айрым кыз-келиндерибиз ошол тренингдерге катышып өздөрүнүн социалдык маселелерин чечүүгө катышуусу үчүн да күйөөмдөн же кайненемден сурайын дешет. Мындан укуктук жактан билим дегээли төмөн болуп жаткандыгын байкоого болот. Экинчиден, ата-энелер да себепчи болууда. Өзүбүз менен эл бирге иштеген жогорку билимдүү эжеке кызына агаңды идиш жуудурба, үй шыпыртпа, эркектерге андай иш кылса уят деген кебин угуп аябай таң калдым. Дегеним ушул сыяктуу көз караштар да аялдарыбыздын кордолушуна себеп болууда. Статисктикалык маалыматтарга караганда укугу кордолгон аялдардын 41% эч жакка, эч кимге кайрылышпайт.Алар өздөрүнүн дүйнөсү менен жашашат.1,3 % пайызы гана укук коргоо органдарына же адвокаттарга кайрылышат. Андыктан зомбулкка кабылган аялдар кээде өздөрүнө-өздөрү чечим чыгарып, суицидге барышкан учурлар да жок эмес. Бул проблема комплекстүү кадамдарды талап кылат. Үй-бүлө, аял эркектин тең укутуулугу туурасында мектептерде да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары бир гана кордолгон тараптар менен гана иш алып бара бербей, кордогон жактарга да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек

«ҮЙҮБҮЗДӨ КҮЙӨӨМДҮН АЙТКАНЫ ЗАКОН»

Өткөн жылдын март айында күйөөсүнөн келтек жеп, аймактык ооруканда даарыланып чыккан Гүлистан айыл өкмөтүнүн тургуну 39 жаштагы Адинахан( себептерге көрө аты өзгөртүлдү) төмөнкүлөргө токтолду:

– Үй- бүлөбүздө күйөөмдүн сөзү баарыбыз үчүн закон. Эгер анын айтканын өз убагында орундалбаса ынжындап тополоң чыгара берет. Күйөөм таксист. Ошонун тапканына эптеп кара казан кайнатабыз.Бул сапар да иштен келгенде уулум экөөбүз чайын кечирээк берип калдык. Иши жакшы болбой маанайы чөгүп турган күйөөм, бир пияла чай алып келишин үчүн бир саат кетеби деп,чайнекти жерге бир чапты. Коюңуз, ачууга алдырбаңыз десем, сен мага акыл үйрөтпө деп түртө салды. Жыгылып түштүм.Жерге башым катуу тийген экен, оорукандан дарыланып чыктым. Ошол учурда ачууга алдырып тийиштүү тараптарга арыз менен кайрылдым. Бирок, кийин арызымды кайра алдым. Турмушта мындайлар боло берет. Анын үстүнө беш балам бар.Аларды тирүүлөй жетим кылбайын дедим.

УКУКТУК ЖАКТАН ЖАРДАМ БЕРҮҮ БОРБОРЛОРУН АЧУУ КЕРЕК

Албетте бүгүн үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу коомчулуктун эн биринчи маселелеринен болуу керек. Анткени мамлекет үй-бүлөдөн куралат дегендей эгерде ар бир коломтодо тынчтык, түшүнүү болсо, алга жылуубуз арымдайт. Андыктан бул маселени чечүү үчүн жер-жердеги аялдар, жаштар, кеңештери, аксакалдар соттору биргеликте иш алып баруулары керек. Алар кайсы бир майрам датаалуу күндөрдө гана башы биригип майрамдык иш чараларды уюштурбастан, аймактарда, айылдарда элге башы таанылган үлгүү инсандар, коомдук ишмерлер, укук коргоо органдары, дин өкүлдөрү менен биргеликте зордук –зомбулуктун кесепеттери, аларды алдын алуу тууралуу талкууларды уюштуруп, коомчулуктун көңүлүн бул маслеге буруулары абзел. Мындан тышкары бүгүн ар бир айыл өкмөттөрүндө коомдук башталгычта болсо да зомбулукка кабылган жарандарга укуктук , моралдык жактан жардам берүү борборлорун ачуу күн тарбиндеги маселе болуусу керек.

Бул макала Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы, 15.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*