Кыргыз жарандыгын кайра алуу кыйынчылык жаратат

20 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготуп жиберип, кайра паспорт алуудан кыйналууда.

Биринчи паспорт жоголуп кеткенден соң, кайра жаңы алуу түйшүк жаратууда. Мындай маалыматты Адилет Токтоболотов билдирди.

А.Токтоболотовдун айтымында, мурунку паспортун Бишкек шаарынан алган. Жоголгондугуна байланыштуу кайра жаңы паспорт алуу кыйынчылык жаратууда.

“Жашым 19да. Кичинемден Орусияда чоңойгонмун. Биринчи паспортумду Бишкек шаарынан алгам. Өзүм Жалал-Абаддын Сузак районунан болом. Паспортумду жоготуп алып эми жаңысын алууга кыйналып жатам. Окуума байланыштуу өзүм борбордо тургандыктан, жарандыгымды туугандарым Жалал-Абаддан алууга аракет жасашты. Бирок 4 айдан бери ала албай жатам”,-дейт А.Токтоболотов.

Ал эми бул боюнча Жалал-Абад шаардык калкты тейлөө борборунун паспорт, визалык жана калкты тейлөө бөлүмүнүн иш кагаздары боюнча адиси Бакир Абдилакимов мындай деп билдирди.

“Эгер өзүнүн каттоосу жок болсо ата-энесинин каттоосу болгон жерден паспортун жаңыласа болот. Анда эч кандай кыйынчылык болбойт. Болгону атасы же апасынын каттоосу турган жерге барып эле жагдайды түшүндүрсө алар мурунку паспорт алган жерине суроо жиберип, натыйжасында паспортту жаңылоого болот. Документтер даяр болгон болсо эч кандай кыйынчылык туулбайт”,-дейт Бакир Абдилакимов.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”, 22.12.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*