Жарым жылда зомбулукка кабылган 11 кыздын ону сексуалдык жактан кордолгон

Быйыл жарым жыл ичинде Бишкектеги баш калкалоочу жайга түшкөн 18 баланын 11и кыз бала болду. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Балдарды коргоо борборунун “Балдарга карата зомбулукту токтотуу” долбоорунун жетекчиси Майрам Тилебалиева билдирди. Анын айтымында, борбордун алдында чакан баш калкалоочу жай бар. Ошол жакка жардам сурап кайрылган 11 кыздын ону сексуалдык зомбулукка кабылганы аныкталган:

– Жаш курагы боюнча кымындай 4 жашар кыздардан тартып өспүрүмдөргө чейин. Бишкектин тегерегинен гана эмес, алыскы аймактардан да.

Тилебалиеванын айтымында, учурда алар балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу максатында Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардагы 8 мектеп боюнча атайын иш жүргүзүүдө.

15-ноябрь-15-декабрда Кыргызстанда балдарды зомбулуктан коргоо боюнча маалыматтык өнөктүк жүрүп жатат.

Азаттык

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*