Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Менин тилегим” акциясы уюштурулду

3-декабрь -Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жарандарды колдоо күнүнө карата Ош шаарындагы жүргүзүлүп жаткан “Биз биргебиз” акциясынын алкагында “Менин тилегим” балдарга арналган акция уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда мэриянын кызматкерлери калаада жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балдардын үйүнө барып, сурамжылоо жолу аркылуу алардын кыялдарын, келечектеги максаттарын, же болбосо коомчулукка белгилүү саясий жана маданият кызматкерлери менен баарлашуу тилектерин орундатмакчы. Бул тилек максаттарын орундатуу үчүн жаштар баардык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен пикир алышууда. Жыйынтыгы 3-декабрь күнү чыгарылат.

Кабар ордо

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*